Жалгыз уулума керегим жок, ооруп жатсам басып кетет. Эмне кылсам болот?
Мен 43 жаштамын, бир уулум бар. Ал 22 жашта. Мени укпайт, боор бербейт, ооруп жатсам да карабай кетип калат. Өзүм иштебейм, себеби көп жерим ооруйт, балам эөөбүз эле жашайбыз. Балам оңолсун деп армияга, даватка жөнөткөм. Оңолгон жок. Тапкан акчасын оюн күлкүгө, досторуна коротот. Мага кичине эле акча берип коет. Башка туугандарым жок эмне кылсам болот?
Баламды ойлой берип дагы көп жерим ооруйтурган болду. Тажадым бул жашоодон. Ушул убакытка чейин балам үчүн жашап келгем. Азыр болсо төрт дубалды карап жалгыз жатам, ичимден ыйлайм, айтатурган эч кимим жок. Улуу ага, эжелерден кеңеш сураймын. Кантип баламды тарбиялайм? Жакшы да, жаман да айтып көрдүм. Өлүп алгым келет.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы!
Ушул убакытка чейин “балам” деп жашаптырсыз. Эми өзүңүздү ойлоого убакыт келди деп ойлойм. Бала жөнүндө ойлонуу, аны туура жолго чакыруу керек албетте, бирок ар дайым эле балаңыз менен алек боло берсеңиз сиздин жеке жашооңуз жабыркап калат. 43 жашта экенсиз, балаңыз да иштеп өз алдынча болуп калыптыр. Эми дос күтүп, өзүңүзгө жакын адамдар менен убакыт өткөрүүгө мезгил келди.
Сиз учун кабыл алуу оор болушу мүмкүн. Эгер балаңыздан көп нерсе талап кылып, ага акыл үйрөтүүгө, жол көрсөтүүгө аракет кылсаңыз бул сизди балаңыздан алыстатат. Көңүл калууга (разочарование) себеп болот. Балаңыз өз жолун өзү табышы керек.
Ал эми сизге психолог менен иштеп көрүшүңүздү сунуштайт элем. Психологиялык жактан оор абалда экенсиз. Жардам алуу жакшы чечим болот деп ишенем!
Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.