// //

Менин кыздыгым чоюлчак экен, күйөөм аны түшүнбөй таштап кетти. Ушундай болобу?

2023.02.02, 11:49
11270

Саламатсызбы! Мен ажырашып кеткем. Себеби күйөөм "кыз эмессиң" деп кетип калды. Бирок кыздык түшпөй калды. Гинекологго бардым, "түшпөйт" деп айтышты, себеби чоюлчаак экен. Аны күйөөм түшүнгөн жок. Ушундай болобу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.02.2023, 11:53

Элнура Таштемирова 

Акушер-гинеколог 

Саламатчылык!

Кыздык белги медициналык тараптан алганда кадимки чек кабык, өзүнө тиешелүү форма жана структурадан жука, кылың чоюлчак болушу мүмкүн.
Текшерүүдөн өтүп, чоюлчак деп берилсе, кийинки жыныстык катнаш учурунда ал жыртылбашы мүмкүн.

Негизинен, биринчи жыныстык катнашта кыздык белги катары кан чыгуусу зарыл эмес. Кандын көп өлчөмдө келүүсү - бул кындын былжыр челинин айрылып кетүүсүнөн, өнөктөштүктүн копол жана шашмалыгынан кабар берет.

Ошондой эле, менталитетибизге жараша кыздык түшүшү керек деген нерсе сиңип калган. Бирок мырзалар сабаттуу болсо, бул сыяктуу үй-бүлөнүн бузулушу азайып, кыздардын намысы да корголот болчу.

Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт