Чет мамлекеттин акчасына долбоор жазган күнөө эмеспи?
2018.02.19, 14:14
1086
Мен үч ирээт 100 миң сомдук гранд утуп алгам, мектепке жардам берүү максатында. Ислам дининде чет мамлекеттин акчасына долбоор жазган күнөө эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2018, 14:16
Улан Усупов
теолог
Жок, эгер жардам максатында болсо, динибиз тыюу салбайт. Чет мамлекеттик же мамлекеттик гранд болсун мында айырма жок. Бирок, негизинен сырткы гранд жана кредит дегенден абайлашыбыз керек. Анткени берилип жаткан гранд качалык кайтарымсыз жана жардам максатында деп берилбесин, чынында артында кандай ниет-максат, саясат жана идеология жатканын билбейбиз. Ошондуктан мамлекеттин кызыкчылыгына жана максатына жооп берген ички инвестиция жана ички гранд системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү үчурдун талабы болуп турган учур. Биз негизи ушуну колдошубуз абзел.
0
Пайдалуу жооп