// //

Бала төрөбөгөнүмдү, ичкен күндөрүмдү көтөргөн күйөөмө рахмат

2023.01.16, 16:29
15545

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет аялдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

- Жаку, менде сага көптөн бери айталбай жүргөн бир сөзүм бар. 

Коркуп кеттим. Ажырашалы дейт го дедим. Ушунча жыл чыдамын деле түгөттүм. 

Чай ичип жатканбыз. Жанатан бери унчукпай отурган күйөөм минтип сөз баштады. Акыркы күндөрү тамак деле жебей калган. Ой басып эле жүрөт.

Турмуш курганыбызга 14 жыл болду. Биз биринчи курсубузда эле баш кошконбуз. Кайда барбайлы чогуу жүрүп көнүп калганбыз. Менин жашоомдун ар бир көз ирмеми күйөөм менен байланыштуу. Мага жакшы эле чыдады.

Окуубузду бүтүп-бүтпөй соода тармагына өтүп кеттик. Россия, Сибирге чейин барып иштеп келдик. Ар дайым жанымда болду. Жадакалса, ичкиликке бериле баштаганымда дагы.

Балалуу боло албай койдук. Ал жылдары кээде күйүтүмдөн ичип койчу болдум. Эсимде, бир жолу "менден уялып жатасыңбы" деп сурасам, "аялымдан уялып акылыман адашыпмынбы" деген. Туугандарым, кайын-журтум баары мени таштап башка алышын айтып чыгышты. Таштаган жок. Ичпе деп дагы айтпады. Жөн гана жанымда болду.

"Мен сага бир жолу бала төрөбөйсүң дедимби!" Катуу урушуп кеттик. Ошондо ушинтип бакырды. Эстесем, бир дагы жолу "төрөбөйсүң" деп айтпаптыр. Кечирим сурадым. 

Бир нерсени эстесем күлкүм келет. Атайын сынап, башка номерлер менен таанышып алалы деп жаза берчүм. Ошондо жооп берчү эмес. Жөн гана блокко салып койчу. 

Кудай күйөөмдүн сабырын баалады окшойт. Ичимде алты айлык бала бар. Бирок, айта элекмин. Коркуп жүрөм. Адаттагыдай түшүп калат деп коркуп жүрөм. Дарыгер, "эже баары жакшы" десе деле ишене албай жүрөм. Күйөөмө кур үмүт бергенден коркуп жүрөм.

- Эмнени сүйлөшөлү дедиң эле?

- Жүр, айылдан биротоло көчүп кетебиз, чет жакка.

- Эмнеге?

- Могу таш боор эл бизди жөн жашатпайт го... Чарчадым Жаку...

Унчукпай отурдук. 

- Балабыз өз жеринде эле туулса жакшы го.

- Балабыз?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт