// //

Үч жаштагы балам негатив сөздөрдү көп айтат. Эмне кылсам болот?

2023.01.06, 22:42
3435

Саламатсызбы! Үч жаштагы балам негатив сөздөрдү көп айтат. Мисалы, атып салам, ө*лтүрүп салам, балкондон ыргытам ж.б. Көчөдөн кетип бара жатканда ар кимди тээп, чаап кетет. Жакшы сөз айтсак деле баардык адамды жек көрөт. «Жок, ал жаман», дей берет. 

Жай айынына бери үйдө чоң ата, апасы, кайын инилерим менен чогу турабыз. Ага чейин өзүнчө жашачубуз. 

«Сенин мамаң жаман, аны сабайм, урушам» деп нерв кыла беришет кайын атам. Жүз жолу айттым, антпегиле деп. Кайра мени, «биз ошентип эле чоңойтконбуз» деп, кайра мени тыйышат. 

Балам болсо мени аябай жакшы көрөт. Атасы мени урушуп койсо «мамага тийбе» деп, мага чуркап келет. Аябай «нервный» болуп кетти. Мурун жакшы эле болчу. Эмне кылсам болот? Кандай кеңеш бересиздер? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.01.2023, 22:44

Айдана Мадишова 

Психолог

Саламатчылык! 

Балдар бул жашта өздөрүн жана айланасындагыларды таанып, алардын кыймыл аракетин кайталай башташат. Эгер үй-бүлөдө урматтуу (авторитет) адам болсо, анын сүйлөө жөндөмүн да кайталашат. Дагы бир себеби, бала өзүнө көңүл бурдуруу үчүн да мындай мамиле жасоосу мүмкүн. 

Сиз бул маселени чечүү үчүн балаңыз менен көп убакыт өткөрүңүз. Мээрим жана сүйүү көргөзүңүз. «Жаман эмес, антип сүйлөбө» дегендин ордуна, “менимче бул жакшы адам, мен мээримдүү, боорукер адамдарды жактырам” деген сөздөрдү көп колдонуңуз. 

Балким 20-30 жыл мурда балдардын агрессивүү сөздөрү нормалдуу болгондур. Бирок, азыркы учурдун талаптары башкача, муну үй-бүлөңүзгө түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. 

Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт