// //

Үй-бүлө куруу үчүн жакшы жыл. Коён жылы тууралуу кызыктуу фактылар

2023.01.03, 18:45
8137

Салам, достор! Мына ошентип, чарала жолборстун падышачылыгы аяктап, күңгүрт коён жылы кирип келди. Бул жылдан эмнени күтсөк болот?  Атайын силер үчүн кызыктуу фактыларды топтоп чыктык. 

- Эгер сиз 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011-жылдары төрөлгөн болсоңуз, анда сиз коёнсуз.

- Коёнду коркок, алсыз дегенибиз менен, ал тайманбаган, жеңиш үчүн күрөшкөн эр жүрөк жаныбар болуп саналат.

- Коен жылында төрөлгөндөрдөрдүн көбүнүн мүнөзү жумшак келет. Алар билимге умтулуп, көздөгөн максатына жете билген адамдар. Мисалы, актриса Анджелина Джоли, окумуштуу Алберт Эйнштейн, кинорежиссер Эльдар Рязанов дал ушул жылы төрөлгөндөрдүн катарында.

- Коён жылындагы бактылуу сандар: 3,4 жана 6.

- Быйылкы жылдын түсү - кызыл, гүлгүн, көк жана сыя өңдөр болуп саналат. Андыктан, кийим же кайсы бир нерсе тандап жатканда бул түстөргө басым жасаңыз. 

- Бул жылда олуттуу көйгөйлөр аз болот. Адамдарга үй-бүлөлүк бакыт, ырыскы, чоң киреше алып келет деген ишеним бар.

- Коён үлгүлүү үй-бүлө кура алчулардын бири. Демек, үй-бүлөлүк маселелерди чечүү, алсак, баш кошуу, балалуу болуу тууралуу ойлонуу сунушталат.

- Коен жылында турак-жай маселеси оңой чечилет. Ипотека алып, турак жайыңызды алмаштырып, кыялданып жүргөн шаарыңызга көчүп кетсеңиз болот.

- Бул жылы эски достор кайрадан табышып, жаңылары пайда болушу мүмкүн.

А сиз коен жылы тууралуу кандай факты билесиз?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт