// //

Жаңы жылда кайын-журтума кызмат кылып жүрүп аялыма болгон мамилем өзгөрдү

2023.01.02, 16:27
15807

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жаңы жыл. Эшик. Кар жаап жатат. Мен кара казанга от жагып алып, эт бышырып отурам. Үйдө коноктор толтура. Баары бака-шака. Менин атам менен апам дагы бар. Мени унутуп коюшту. Суук жанга бата баштады.

Балдызым чыгып шорпо куюп кетти. Үйдөгүлөр этти эзбей бышырсын дептир. Ачуум келди. Балдызым кирип кеткенден кийин "кыйын болсоңор өзүңөр бышыргыла" деп сүйлөнүп алдым. Кызмат кылганым жакпаса, башка таап алышсын.

Келинчегим чыкты. Үстүмө куртка, колуна пакетке бир нерселерди салып көтөрүп алыптыр. 

"Тур, могу куртканы кий, үшүйсүң, бутуңа бул атамдын жүн байпагын кийип ал. Эт бышкыча ооруп калба. Коноктор дагы келди. Сага ысык чай алып келдим. Салат, боорсок сала чыктым. Кел ичип ал. Мен от салып турам."

Сырттагы суукту унуттум. Жүрөгүм жылыганын айтпагыла. Аябай ыраазы болдум. Бир чоң, ичи толтура адамдар болгон үйдөн мени ойлогон бир гана адам бар экен. Байкушум, кайра шашып үйгө кирип кетти. Аны жаныма болтурбай, чакыртып алышты.

Келинчегим көтөрүп чыккан боорсок менен шорпо ичип жатып бир учур эсиме келди. Анда апамдын байкеси каза болуп, баарыбыз ошол жакта элек. Күн-түн дебей кызмат кылганбыз. Үйгө баратканда келинчегим "мени бир сурап, бир чыны шорпо ичип алдыңбы деп сурабадың, ал жакта эң эле жакыным сен эле" деп таарынган. Мен аны эми түшүнүп турам. 

Көрсө, кээде ушундай мамиле, жылуу сөз, кам көрүү гана баарын билгизип коет экен. 

Чыныгы кара шорподон куйдум. Ашканага барып, терезесин тыкылдаттым. Келинчегим идиш жууп жатыптыр. Терезени ачты. Шорпо менен бир кабырганы сунуп, "жеп ал курсагың ачты" дедим.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт