// //

Күйөөмдүн бул 4 сапатына маани бербей турмушка чыкканыма өкүнөм

2022.12.29, 15:36
10819

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Түрттү

Ооба, көчөдөгү бараткан бир жигит мени карап койсо катуу түрттү. Дарак болбосо арыктагы сууга түшүп кетмекмин. Таңкалып туруп калдым. Чуркап келип кечирим сурап, кызганып кеткенин айтты. Шок болуп унчуга албадым. Кечирим сурап жатты. Кечирдим. Көп өтпөй дагы кызганып кайталады.

Ачка калтырды

Акчасын аяп баштады. Чогуу бир жакка барганда мага эң арзанын алып берет. Бир жолу ашканага кирдик. Манты, шорпо, бризоль алды. Менден акчам барбы сурады. Жок десем бир самсы алып берди. Сураган да жок, эмне жейсиң деп. Аны жеп коюп күтүп отурсам, көп жей турганымды айтты. 

Байкем каза болгондо келбеди

Чалып да койгон жок. Келип жардам берет экен дегем. Келбеди. Күттүм. Кыйын күнүмдө жанымда болушун кааладым. Жакшы сөз айтпады. Жоголуп кетти. Бир айдан кийин эч нерсе болбогондой чалды. А мен сүйлөштүм.

Басынтты

Досторунун көзүнчө мени басынтты. Кебетеме асылды. Кийимиме асылды. Аягында тамаша деди. Бирок тамаша эмес болчу. Ал ар дайым менден кемчилик издеп турат эле. Ар дайым мени басынтып сүйлөйт эле. 

Стоп

Турмуш кургандан кийин бул сапаттарынын баары чыкты. Кол көтөрдү, үй менен иши жок көчөлөп достору менен кетти, балабызды, анын курсагын ойлоп да койгон жок. Менин көзүм эми ачылды. Стоп!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт