// //

Баламды колума беришкенде "эмне кылам" дедим. Декретте отурган айымдардын баяны

2022.12.27, 17:30
3137

Биз бир нече апалардан декретке чыккандан кийин жашоосу кандай өзгөргөнүн, өздөрүнө убакыт таап жатабы, дегеле бала төрөлгөндөн кийинки жашоосу кандай болуп жатат сурадык. Эскертүү! Ар бир апа өз баяндары менен бөлүштү. 

"Эми эмне кылам?"

Университетти бүтүп эле баш коштук. Экөөбүз тең жаш. Дароо боюмда болду. Кыйын киши болуп даярданып эле жаткам. Баланы колума алгандан кийин моралдык жактан эне болууга даяр эмес экенимди билдим. Деги эле балага кандай кам көрүү керек экенин такыр билбейт экем. Медайым баламды бергенде "эми эмне кылам" дегеним эсимде. Күйөөм үчөөбүз батирге келдик. Экөөбүз тең коркуп жаттык. Ошол учурда жоопкерчилик пайда болду. Балабыз өзү курсагын тойгуза албарын билдик. Азыр күйөөм иштеп жүрөт. Мен бала менен үйдө. Пландарым экинчи орунга жылды. Чынын айтайынбы, өзүмдүн келечегим азырынча белгисиз. 

"Күйөөмдүн ким экенин билдим"

Бала төрөгөндөн кийин урушчаак болуп калдым. Баары кыжырыма тиет. Төрөттөн кийинки депрессия бар экен. Бирок бул нерсеге өзүмдүн апам да, кайын энем да ишенбей койду. Ыйлайм, унутчаак да болуп калдым. Балам ыйласа нерв болуп кетем. Күйөөмө рахмат. "Жумушка чык" деди. "Үйдү жыйнабай эле кой" деди. Күйөөм болбосо, эмне болмок билбейм. Жумушка чыгып алаксыдым. Мурдагыдай ачуулуу болбой да калдым. Азыр арыкташым керек деп жүрөм. Күйөөм залга жаздырып берди. Жаным го...

"Декретте отурбаш керек экен"

Мен балам менен чогуу иштейм. Жок, балабыз биз менен жумушка барат. Кээде күйөөм алып кетет, кээде мен. Күйөөм экөөбүз баягыда отуруп сүйлөшкөнбүз. Бала деп өзүбүздү таштап койбойбуз деп чечтик. Экөөбүздө тең пландар бар болчу, ал планга балабыз кошулуп бир аз өзгөрдү, бирок максаты жоголгон жок. Декретте отура берсең, билинбегени менен көп нерседен артта калат экенсиң. Мен анте албадым. Келечегим ачык.

"Өкүндүм"

Кош бойлуу учурумда күйөөм менен ажырашып кеттик. Баягы эле акча, жетишпеген турмуш себеп болду. Балалуу болууга даярданыш керек экен. Бизди туугандар шаштыра берчү. "Качан анан?" деген суроону укпаш үчун балалуу болдук өңдүү. Мен дагы, ал дагы даяр эмес болчу. Бул чоң катабыз болду Төрөп алып, убагында иштеп акча таап койбогонума өкүндүм. Ата-энем каржылап жатат. А мен үйдөмүн. Менин кеңешим балалуу болууга акча жагынан даярданыш керек экен. Бирөөнү эмес, өзүңөрдү угуп туруп балалуу болгула. 

Бул окуялардын кайсынсы сизге тааныш?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт