// //

Бул 7 белги альфонс жигитке жолукканыңыздан кабар берет

2022.12.20, 16:19
4128

Салам, достор! Психолог Тамара Воронцова альфонс жигиттерди канти п билсе болору тууралуу кеңештери менен бөлүштү. Сүйүп, анын үстүнө алданып калгыңыз келбсе, бул маалыматтарды сактап алыңыз. 

Альфонстун белгилери кандай болот?

- Биринчи жолугушууда өзүн идеалдуу алып жүрөт, жакшынакай кийинип, кымбат ресторанга чакырат жана өзү төлөйт. Эпсиз жигиттерден айырмаланып, ката кетирбейт.

- Кийинки жолугушууларда капчыгын унутуп калганын, төлөп койсоңуз, кийинчерээк бере турганын айтат. Кийин, ал жөнүндө унутуп коёт, эскертсеңиз, эң маанилүүсү акча эмес мамиле экенин айтат.

- Акча сурайт, көйгөйлөрү, карыздары тууралуу айтып баштайт. Көп учурда убактылуу иштебей жүргөнүн же азыр эле жумуштан бошогонун, бир долбоордун үстүндө иштеп жатканын, ага сиз гана дем күч бере аларыңызды айтат.

- Достору, үй-бүлөсү жана кесиптештери менен тааныштырбайт. Мурунку жашоосу тууралуу сөз кылбайт.

- Социалдык тармактарда катталган эмес, аны жактырбай турганын, убакыты текке кетээрин айтат.

- Биринчи жолугушууда сүйүү, мамиле жөнүндө көп сүйлөйт, “айым”, “күнүм” ж.б деп эркелетет.

- Майрам күндөрү чоң белек берүүңүздү эскертет.

Альфонспу же жокпу кантип текшерсе болот?

- Айткандарынын баарына ишене бербеңиз. Ар бир жигит тууралуу маалымат издеңиз: достору, тааныштары, жумушу ж.б.

Күмөн жаратып жатса, ата-энеңиз же өзүңүз карызга батканыңызды, унааңызга насыя төлөөрүңүздү, бизнес үчүн ипотека алганыңызды ж.б айтыңыз.

- Жигитке эч качан акча бербеңиз! Бере турган туугандары жана достору бар!

- Биринчи шек санаган учурда эле мамилени үзүңүз. Антпесе, алардын далилдерине, суранычтарына каршы туруу кыйын болгондуктан, акчаңызды, мүлкүңүздү жоготуп аласыз. Альфонстор аяганды билбейт!

А сизге бул белгилер таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт