// //

Туугандарым "эр албаган кыз" дешкенде өзгөрдүм

2022.12.19, 16:41
9141

Салам, Bilesinbi.kg! Бүгүн сени менен ой бөлүшкүм келди. Балким, менин катым айрым кыздарга чоң сабак болуп калат. Буга чейин эле жазайын дегем, бирок ал кезде мен башка элем. Азыр такыр башкамын. 

Мен шаардагы салондордун биринде макияж жасап иштейм. Буга чейин банкта иштейт элем. Бирок мага ал кесибим жакчу эмес. Кыялымдагы кесипти аркалагым келчү. Визажист болгум келчү. Ата-энемдин каршылыгына карабай, акыры бул тармакка өтүп кеттим. Бактылуу элем.

Жактырган жумушуңдан гана ырахат алат экенсиң. Күн сайын жумушума шашып барам. Кардарларым көбөйдү. Акча жакшы таба баштадым. Атама машина алып бердим. Апамды Түркияга алып бардым. Ак эмгегим үзүрүн бере баштады. Бирок, менин артыман ушак айтып, бул мээнетимди жокко чыгарган туугандар пайда боло баштады. 

Айылдагы тууганыбыздын тоюна барганбыз. Конокторду узатып, баары чай ичип отурушкан. Анан эле мени сөз кыла башташты. 25тен өтүп калганымды айтып, таап жаткан акчамды кирдетип, эр албаган кыз да дешти. Ошондо жарылдым.

"Мен эмне силерден акча алып жатамбы? Мени силер багып жатасыңарбы? Колуңардан келбей, анан мени көрө албай сөз кылганыңар туурабы? Дагы бир ирет менин дарегиме сөз айтчу болсоңор, башкача сүйлөшөм. Мени жаман жол менен акча таап жатат дедиңер, кайсы арыңарга ошону айттыңар? Атама машина алып берсем, туугандай болуп колдобой, кайра бирөөсү бар да дедиңер. Мен силердей ушакчы эмесмин. Мен өз эмгегим менен акча табам. Силердей туугандардын барынан жогу жакшы. Эр албайт деп, эрге тийген силер бактылуу жашап жатасыңарбы? Жигитим бар, буйруса баш кошобуз, ошондо силерди чакырбайм." 

Дагы өп сөздөрдү айттым. Буга чейин коркуп жүрө берчүмүн. Эмнеге корком десеңер, э? Атам менен апам унчукпады. Жол бою үнсүз бардык. Эртеси шаарга чыгып кеттим.

Жолдон атаман СМС келди. "мен сени менен сыймыктанам кызым."

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт