// //

Бөйрөгүм ооруйт. Апама айта албайм.

2018.02.16, 16:26
934

Жашым 15те. Бөйрөгүм ооруп, шишип кете берет. Ооруганда эки көзүмдүн түбүнө сызыктар түшүп калат. Көп болуп калды, бирок көрүнгөн эмесмин. Апам бейтапканага барганды жаман көргөндүктөн, айта албайм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.02.2018, 16:29

Абдырасулов Азизбек 

Уролог

 

Көздүн алдына сызыктар түшүп калгандыгы ошол бөйрөктүн ооруганынан кабар берет. Сизди текшерип көрбөй туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Апаңыз бейтапканага барганды жактырбаса, башка жакындарыңызга деле айтып, урологго кайрылып, сөзсүз анализ тапшырып, УЗИге түшүңүз. Эгерде бөйрөк оорусун убагында дарылабаса ал өнөкөткө айланып кетет. Анан өмүр бою кыйналасыз. Жаш экенсиз, ден-соолугуңузду барынан биринчи орунга коюңуз. Апама айта албайм деп жүрө берсеңиз, бөйрөктүн иштеши начарлап, кан айлануу менен сийдикти бөлүп чыгаруу бузулуп, организимге уулуу заттар таркайт. Залакасы өзүңүзгө эле тиет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт