// //

Жумушун экинчи орунга койгондон кийин жашоосу өзгөргөн адамдан 5 кеңеш

2022.12.06, 14:33
1112

Түнкү саат эки. Кесиптештерим үйүндө, жыргап уктап жатышат. А мен офисте. Сыртта кароолчу мени качан кетет экен деп күтүп, жаман көрүп отурат. Жанымда толтура документ. Буларды бүтүп алып кетсем, эртең шеф мактайт деген эле ой. Бирок, башкаларга деле ушул тапшырма берилген, бирок алар жумушу бүтөрү менен үйүнө кетип калышты. Мен "точно" бир нерсени туура эмес кылып жатам. 

Кыялданган кызматтан баш тарттым

Эртең менен жумушка келсем шеф чакырды. "Арызыңды жаз, жаңы кызматка дайындаласың." Докладдар, командировкалар, проекттер, отчеттор... Акыры тытынып жүрүп кыялданган кызматыма жеттим. Бирок, мен эмнегедир бактысыз элем. Бул деген эки эсе жумуш, эки эсе уйкусуз күндөр, жумушта жашоо дегенди билдирет. Үй-бүлөмдүн жүзун унута баштадым. Арыз жаздым. Кызматтан бошотуу тууралуу болду. 

Жумуш деген арабадан секирип түштүм

Бул жылым кантип өткөнүн билбедим. Чуркап, тынчсызданып эле жүрдүм. Отчет, дедлайн, проект, кайра командировка, шефтен уруш укмай... Түндө уктай албай калдым. Коркунучтуу түштөр кирет, чочуп ойгоном, тердеп турам. Кебетем эбак келишкен. Эс алуу дегенди унутуп койгонума көп болду. Тынч отуруп тамак деле жебейм. Стоп! Жумуш деген арабадан секирип түштүм. 

Бир ай уктадым

Бир ай! Бир ай! Бир ай уктадым. Турам, тамак ичем, уктайм. Ушундай чарчаптырмын. Телефон деген балээни ары түртүп салдым. Ал жакта "жумушка кайтып кел" деген шефтин толтура смстери. Жок, барбайм. Мен өзүмдү анализдешим керек. Мени бактылуу кылган жумуш табышым керек. Акча? Жок, рахмат, акча кереги жок. Мен бактылуу жашагым келет. Мен терең дем алгым келет. 

Тизме түздүм

Колумдан эмне келет? Баарын тизмектеп чыктым. Көрсө, мен кыйын эле адам турбаймынбы. Өзүмдү башкаларга тебелетип жүрүпмүн. Резюмемди кайрадан жаздым. Аны сайтка жүктөп, спорт зал менен вокалга жазылдым. Мен биринчи орунга  өзүмдү койгонду үйрөндүм. Жумуш чыкты. Жарым күн эле иштейм. Элестеткиле, жарым күн. Калган убакытта сейилдейм, айланага көз чаптырам, үй-бүлөм менен болом. Мен жашайм! Мен токтогонду үйрөндүм, өзүмдү уга баштадым. 

Жумушсуз калгандан коркпойм, уялбайм

Воркизм - адам жашоосунун маңызын баарын жумушунан гана көрөт, убактысынын баарын жумушта гана өткөрөт, жумушунан башка эч нерсеси жок. Көбүнчө, бул чарчоо жана ден соолук көйгөйлөрүнө алып келет, анткени жумуш өзүнө күнү-түнү мамиле талап кылынат. 

Мен азыр чымчыктардын сайраганын угуп, алсытагы тоону көрүп, майда нерселерге суктана баштадым. Жумуш бүтпөйт экен, а жшоо менен ден соолук түгөнөт экен. Жумушу жок калуудан уялбагыла, жашабай калуудан уялгыла. Жумушу жок калуудан коркпогула, бир келген өмүрүңөрдү, жактырбаган жумушта өткөрүүдөн корккула. 

А сизге бул абал таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт