Маек куруудан корком, досторум дагы жок
Менин жашым 16да. Кээде мен өзүмдү ашыкча сезем, башкалар менен баарлашуудан корком. Ушунун айынан досторум дагы жок. Мисалы көчөдө кетип баратсам элдер мени көрүп алып күлүп жаткандай сезилет. Мындай абалдын айынан өлгүм же жоголуп кетким келет, баары мени унутуп калса дейм. Болгону мектепке барам, анан үйдө эле олтурам, эч нерсеге кызыгуу жок. Анда –санда аниме мультфилимдерди көрөм, бул үчүн классташтарым кичинекейсиң деп шылдыңдашат. Кантип өзгөрсөм болот? Канткенде адамдардан коркпой калам? Кантип башкалар менен тил табыша алам?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Адамдардын баары ар кандай болот, ошол үчүн ар ким менен мамилени ар кандай түзөбүз. Бирөөлөр үчүн мамиле түзүү абдан оңой, алар каалаган убакта, жерде, абалда тез тил табышып мамиле түзүп кетет. Ал эми башкалар үчүн бул нерсе кыйынга турат.
Баарлашуудан коркуу- бул жөн эле келип калган нерсе эмес. Балким бул балалык кезден келе жаткан абалдыр. Ойлонуп көрсөң бирөө сага “сен ушу башкачасың, сага бир нерсе болуп жатабы, сен ушу жакшы элесиңби” деп айткан сөздөрдү. Эгер ушул сөздөрдү уккан болсоң анда сенде коркунуч пайда болгон, азыр дагы бир нерсе десем мага мурункудай эле баа берет деп.
“Көчөдөн бара жатканда кишилер мага күлүп жаткандай сезилет”-деп жазып жатасың. Сен кандай фактыга таянып мындай жыйынтык чыгарып жатасың? Сен “мага күлүп жатышат” деген ойду мээңден алып сал.
Дос күтүү үчүн бирөөлөр менен таанышуу керек, жолугуп сүйлөшүүгө аракет кылуу абзел. Бирөө менен биринчи сөз баштап сүйлөшүп көрдүң беле? Менин сунушум бул нерсени баштап көр. Эгерде маек куруудан дайыма качып турсаң, достук өзүнөн-өзү пайда болбойт. Достук өзү келет деп ойлоп күтүп жүрө берсең, досту көпкө күтүп каласың.
Сен өзүңө жана башкаларга жөнөкөй көз караш менен караганды үйрөн. Мисалы сенин кошунаң сени менен сыр чечишип, тамашалашып маек курууга милдеттүү эмес да. Сен дагы дайыма эң жакшы болуп жүрүүгө милдеттүү эмессиң.
Ал эми “аниме” мультфилимдерди көргөнүң үчүн шылдыңдаса ага маани бербе. Мисалы мен 2 неберенин чоң апасымын мен деле мультфильм көрөм. Өзгөчө советтик мультфильмдерди, буларды көргөнүм үчүн мен өзүмдү кичинкей сезбеймин.