// //

Эмне үчүн арткы тешик кычышат? Проктолог жооп берет

2022.11.09, 10:51
16174

Саламатсызбы! Эмне үчүн аналдык тешик кычышат? Бул көрүнүш көптөн бери болуп келатат? Эмне кылуу керек?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.11.2022, 10:57

Ызакжан Бектенов

Проктолог

Бул суроо көп адамдарды кызыктырат. Көбүнчө мындай көйгөй менен, тери патологиясы менен алектенген адистерге, инфекционисттерге кайрылышат. Ооба, кандайдыр бир инфекция, мите патологиясы болушу мүмкүн, бирок көп учурда бул белги ички геморройдон кабар берет, мисалы, биринчи же экинчи этаптары.

Адам эркин абалда, анусун эч нерсесин өткөрбөй тургандай кылып кармай алат, ал тургай газдардын бөлүнүп чыгышын жөнгө салат. Ички геморройдо адам эркин абалда болсо деле, ичегидеги былжыр көтөн чучуктан агып чыгат. Бул учурда ички геморройду айыктыруу керек, ошондо кычышуу да жоголот.

Мындан тышкары, самын менен жуу себеп болушу мүмкүн. Самын щелочтуу, анустун териси өтө жука, көп нерсени жактырбайт. Самынды тез-тез колдонуу терини кургатып, кычышууга алып келет. Көтөн чучукту жөнөкөй суу менен жууп же терини кургатпай турган атайын интимдик гелди колдонуу сунушталат.

Кычышуу пайда болдубу? Дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өтүп, себеби эмнеде экенин билиш керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт