// //

"Сен курактуулар алды үч балалуу болуп калды" дегендерге жооп

2022.11.01, 14:13
7348

Салам, достор! "Качан үйлөнөсүң?" же "Качан турмушка чыгасың?" деген кептер тажатса, анда башынан бул суроолорду өткөргөн кыздын баянын окуңуз. Балким, ойлоруңар төп келип калат. 

Ал күн дале эсимде. 3200 метрге бийиктикке жөө чыгып, төбөм көккө жетип турган элем. Жолдон далай ыйладым. Артка кетип калгым келген. Анан жетимиштен ашкан туристтерди көрүп, арданып, "жок, жетем" дедим дагы жолумду уланттым. 

Жаңы эле үйгө келгем. Душка түшкөндүн ордуна сүрөттөрдү карап отургам. Мен, чоку жана туман. Мынча кооз. Инстаграмга жүктөдүм. Бир таанышымдан дароо кат келди. "Ушинтип жүрө берсең, сени күйөө алмак беле." Мына сага...

Ал токтоп калган жок, отузга заматта чыгарымды айтып, балалуу болбой жүрүүдөн коркушумду эскертти. Мурда ачуумду кармай албай урушуп кетет элем. Азыр жөн гана жылмайып, же жай жооп берип кутулам. 

- Жок, коркпойм.

- А мен корком. Мени эч ким карабай коет, бала төрөбөй калам деп корком. Тезирээк күйөөгө тийсем экен. 

Өз арманын айтып кирди. Ага боорум оорубады. Аяган дагы жокмун. Болгону өз кызыкчылыгы жок, жашоосун бирөөгө байлабай жашай албаган, бүт кыялдары үй-бүлө куруу гана экенин билдим. Ошо.

Мага жанагы чоң тортко окшогон көйнөктөр жакпайт. Байкуш келин, той ортологондо туалетке кантип барат болду экен.

Эстесем, күйөөгө тийүү жөнүндө кыялданган деле эмес экем. Ооба, кээде ойлонуп калчумун. Бирок, ашып кетсе эки мүнөт.

Бир убакта туугандардан качып калгам. Алардын айткандарын эстеп, "чындап эле "ни томунбу" деген ойлор келчү. Коомчулуктун пикири кээде өзүмдөн күмөн санатчу. А чынында, менде баары жакшы экен.

Студент кезимде "Крейцерова соната" деген повести окуп, турмушка чыкпайм дегеним эсимде (күлүп).

Аттиң, бизди  кичинебизден эле күйөөгө тийип, болушунча көп балалуу болушуң керек деп тарбиялашат. Фильм менен мультфильмдердин баары "анан экөө бактылуу жашап калыптыр" деген жөнүндө. Ушу кантип болсун! Өз алдынча бактылуу боло алалбаган адам, бирөө менен бактылуу боло алат деп ойлойсузбу? Жообуңуз "ооба" болсо, жаңылышасыз. 

Мен турмушка чыкпай калуудан эмес, туура эмес адам менен тагдырымды байлагандан корком.

Мен "мына ушуга чыгам" деген мырзаны жолуктура элекмин. Бир күнү ойгонуп, жанымда жаткан адам меники эмес экенин түшүнгөнчө, өмүр бою жалгыз өткөнүм жакшы. Баса, жалгыз десе, мышыкты сылап, терезеден үй-бүлөлүүлөргө көз салып отурганымды элестетпегиле. Мен бирөөсүз эле, жыргап жүрө берем. Бакытты ар бир адам өз колу менен жаратат. Чектөөлөр башта гана.

Мен өзүмө окшош жиндини жолуктура элекмин. Ооба, мен бул жашоону жеңил, жыргап жашап өткүм келет. Өмүр бою кыйналып, болбогон көйгөйлөр менен өзүмдү, аны, балабызды кыйнагым келбейт. Бул үчүн дем алыш күндөрү уктабай, ар бир "кипишке" даяр болушубуз керек. 

Мен баалуулуктарыбыз төп келген адамды жолуктура элекмин. Менин болочок күйөөм күчтүү болушу керек. Анын жанында азыркыдан дагы жакшы жашашым керек. Анын жанында өсүп, ага татыктуу болгум келиши керек. 

Билесизби, өзүн барктаган адамда тандоо болот. Бирөөлөр сени "ни то" деп ойлоп калбашы үчүн эле мамиле куруу, бул тупик. Келгиле, биринчи өз алдынча бактылуу болууга аракет кылалы. "Мени бактылуу кыл" үчүн эмес, "мындан дагы бактылуу болобуз" үчүн турмуш куралы. 

Мен күйөөгө тийүүнү каалабайм, демек, баары жакшы болот деп ишенем. 

P.S. Буйруса күйөөгө тийип калсам, жөнөкөй эле ак көйнөк кийип, сүйүктүүмдүн колун кармап, 300-400 эмес, эң жакын эле адамдарымдын курчоосунда турган сүрөтүмдү жөнөтүп коем. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт