Эгер сизде бул белги болсо, анда толеранттуу адамсыз
Дүйнөдө 7 миллиарддан ашык адам бар. Ар биринин кулк-мүнөзү, тарбиясы, темпераменти ар башка. Демек, бардык эле адам толеранттуу боло албайт.
Толеранттуулук - башка пикирлерге, салттарга, көз караштарга, ишенимдерге түшүнүү, сыйлоо, урматтоо жана сабыр менен мамиле кылуу.
Адилетсиздик орногон жерде толеранттуу болгонго болбойт. Бирөө зулумдук кылып же мыйзам бузуп жатса кантип толеранттуу болосуң!
Кимдерди толеранттуу деп айтабыз?
Баардык адам толеранттуу боло албайт. Адамдар бири-бирине окшош эмес, бул мыйзам ченемдүү нерсе.
Кээ бирөөлөр мага баары бир дегендерди толеранттуу адамдар деп ойлойт.
Кош көңүл адамдарды толеранттуу деп айтпайбыз!
Толеранттуу адам өз орду, позициясы менен башкалардын маданий, салттык, көз карандуулук өзгөчөлүктөрүн билет, түшүнөт, ошол бойдон кабыл алат. Өзгөртүү керек деп ойлобойт. Өзүнө ишенип, позиясында турат.
Кантип толеранттуу болсо болот?
Толеранттуу болуу үчүн - билимдүү болуп, өз маданиятын жакшы билип, ошол эле кезде адам кандай болсо аны ошондой кабыл алганга үйрөнүү керек. “Бирөөнү айыптаба, ошол нерсе башыңа келет” деген кеп хадисте да, христиан дининде да бар.
Урушуп-талашпай эле өзүнүн оюн айта билген адам толеранттуу!
Адамдын толеранттуу болгону жакшы, бирок...
Баардык адамдын толеранттуу болгону жакшы, бирок аны ким кандай кабыл алат, кеп ушунда. Мисалы, ислам дининде башка маданияттарды сыйлаш керек, исламда зордук-зомбулукка орун жок деп айтылат. Пайгамбарыбыздын доорунда дагы христиандар, иудейлер болгон. Аларга карата зомбулук көрсөтүлгөн эмес, күч колдонуп, “Биздин динди кабыл аласың” деген нерсе жок болгон. Ошол мезгилде ар бир адам өзүнүн динин, маданиятын, баалуулуктарын сактай билген. Биз толеранттуулукту ушул өңүттөн алып караганыбыз жакшы.