// //

Стюардессалар жыргап жүрүшөт дегендердин көңүлүн калтырайын

2022.10.27, 11:57
11037

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир сюардесса кыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Саламатсызбы, Bilesinbi.kg! Мен эл аралык авиакомпанияда стюардессамын. Ар кайсы өлкөлөргө учам. Бирок, жыргап жүргөн жокмун. Бүгүн силерге кесибимдин оор тарабы менен бөлүшкүм келди. Сюардессалар жыргап эле жүрө беришет дегендердин көңүлүн калтырайын деп чечтим. 

Фильмдерден, же болбосо жашоодо деле, шиш такачан, чачы тыкан чогултулган, оозу боелгон, сулуу стюардессаларды көрүп, "ушулардыкы эле жыргал" дешиңиз мүмкүн. Андай эмес... 

Жалгыздык. Бизде туруктуу кесиптеш деген болбойт. Ар бир рейсте алмашып турат. Өзгөчө биздикиндей чоң авиакомпанияларда. Жаңы эле бирөөсү менен таанышсаң, эртеси анын ордуна башкасы келет. Сырыңды айта албайсың, расмий түрдө эле сүйлөшөсүң. Бара-бара достошкуң деле келбей калат. Баары бир кийинки рейсте чогуу учпайсыңар дегендей. Эң өкүнүчтүүсү туугандарыңдын жакшылык-жамандыктарына катыша албай каласың. Анткени, жумуш графигиң бир укмуш. 

Уйку. Ар кайсы өлкөгө учуп жүрүп, так убакытта уктоо жана тамактануу дегенди унутасың. Деги эле саатты карабай эле койсоң болот. Уйкудан каласың. Чарчайсың. Жаңы конгон өлкөнү кыдыргандын ордуна жаздык кучактап жатасың. Бизде тайм-менеджмент деген нерсе жок. 

Сырттан караганда стюардессалардын макияжы жана кооз формалары, шиш такалуу туфлилери, алар чындап эле эч нерсе кылбай, жыргап дүйнөнүн ар кайсы бурчуна учуп жүргөндөй таасир калтырат. Акчаны күрөктөп таап, мейманканаларда бекер жашап дегендей. Бирок, ошол шиш така менен тамак ташып, учуп бараткан самолетте ары бери басып, чоң эшиктерди жаап, арабаларды түртүп, ар кимдин кыялына чыдап, уйкуң канбаса дагы жылмайып жүргөнүңдү эч ким көрбөйт. Бул баарынан оор экенин эч ким билбейт.

Мен силер менен оюмду бөлүшүп, бир бугумду чыгарып алдым. Ачуу чындыкты силер дагы билгиле. Ооба, жакшы тарабы да бар, эл-жер көрөсүң дегендей. Бирок, ошону менен катар оор тарабы да бар. Андыктан, жылмайып жүргөн стюардессаларды көрсөңүз, "ушулардыкы эле жыргал" деп ойлобоңуз. Бул бүт кесипке тиешелүү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт