// //

Грин-карт утуп алган кыргызстандык үй-бүлөнүн баяны

2022.10.26, 15:24
17164

Атым Эльмира. 2021-жылы үй-бүлөбүз (мен, күйөөм, мотурайган балам) менен грин-карт утуп, АКШга келдик. 

Буга чейин ар кандай программаларга тапшырып жүргөнбүз. Анткени, Кыргызстандан башка мамлекеттерде жашоо кандай болорун билип, тажрыйба алсак деген каалообуз күч эле. Баса, грин-картка чейин Американын миграция департаменти тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан DV лотереясына да тапшырганбыз. 

2019-жыл биз үчүн эсте каларлык жыл болду. Анткени, грин-картаны уттук.

Али кубанганга эрте….

Грин-карт утканың, болду Америкага кетесиң дегенден кабар бербейт. Алдыда толтура даярдыктар күтүп турат. Чу, дегенде эле документтерди толуктап, виза алуудан баштадык. Көп чуркайсыңар, буга даяр болушуңар керек. 

Баса, эстеп кеттим, грин-картка 2015-жылы тапшырып өтпөй калганбыз. Бир жолу өтпөй калганың, болду бүттү дегенди билдирбейт. Өжөрлүк керек.

Баары оңой

Лотерея жыл сайын күзүндө болот, ал эми жыйынтыгын май айларында чыгарышат. Тапшыруу процесси оңой эле. Ар бир адам өз алдынча толтура алат. Сүрөт даярдап, өздүк маалыматтарды https://dvprogram.state.gov/ деген сайтка киргизесиз. Толтургандан кийин лотереяга катышканыңызды тастыктаган номер берилет. Аны жоготпой сактап коюңуз. Жыйынтыгын билгенге керек болот. 

“Сен кимсиң?”

Маектешүү. Сиз жөнүндө суроолор болот. Эгер документтериңиз толук жана так болсо көп суроо болбойт. Бизге “Америкага барганда кандай жумуш кыласыз?”, “Тил билесмзби?”, “Ал жакта жакыныңыз барбы?”, “Кыргызстанда эмне жумуш кыласыз?” ж.б сыяктуу суроолор берилген. 

Тил билбесеңиз эч нерсе болбойт

Тил билбегендер деле грин-картка тапшырса болот. Утуп алсаңыз, виза алганга чейин үйрөнүп аласыз. Баары сиздин аракеттен. Анын үстүнө Америкада мигранттарга арналган курстар арбын. Негизи тилди билип келгендерге бул жактагы жашоого ыңгайлашуу бир кыйла жеңил болот. Думуш табуу  же болбосо турмуштук кырдаалдарда оюңузду кеңири түшүндүрүп бере аласыз.

Салам, Нью-Йорк!

Америкага конгондо эле  аэропорттун масштабына таңгалдым. Бул жакта шаарлар гана эмес, сыртта жайгашкан айылдары да өнүккөн экен. Биз зоопарктан көрчү жаныбарларды короолордон, көчөлөрдөн көрө аласың:  коён, кийик, түлкү ж.б. Коомдук транспорт көп эмес, көпчүлүк жеке унааларында жүрүшөт. Бул жакка келем десеңиз,  машина айдаганды үйрөнүп алсаңыз жакшы.

Сиздин дагы колуңуздан келет!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт