// //

Ата-энемди жараштыра аламбы?

2018.02.15, 14:41
838

Ата-энем мен 2- класста окуп жатканда ажырашып кетишкен. Азыр жашым 19 да. Апам менен атамды элдештирейин десем апам макул болбой жатат. Менин мамилем эки жак менен тең жакшы. Канткенде ата- энемди бириктире алам?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.02.2018, 14:46

Бермет Наралиева

 психолог

 

Акыркы мезгилде үй-бүлөдө ажырашып кетүү маселеси аябай көп учуроодо. Бүтүн үйдүн бүлүнүшү бул оор маселе, анан дагы жөн эле өтүп кетпей үй-бүлө мүчөлөрүн стресске кабылтат. Мындай учурда мейли жаш балдар, мейли чоңдор, болуп жаткан окуяларды адекваттуу кабыл ала албай, туура ой жүгүртүүгө алсыздык кылат. Өзгөчө балдар үчүн бул фактыны кабыл алуу оор маселе. Жашыңыз 19 да болуп бойго жетип калыпсыз. Биринчиден ата-энеңиздин ажырашып кеткенине сиз күнөөлүү эмессиз. Ажырашуу алардын жеке чечими. Ошого карабастан экөө менен тең жакшы мамиледе болгонуңуз сиздин акылдуу болуп өсүп келе жатканыңыздан кабар берет. Экинчиден атаңыз да апаңыз да сиздин сезимиңизге “ата, апа” деген атты ыйык бойдон сакталышына көмөкчү болгон үчүн, сизде экөөнө карата жылуу сезимдер сакталып калган.

11 жылдан бери жарашууга  кадам таштабаган ата-энеңизди балалык баё сезим менен жараштырам деген ой сизде болгон менен чечимди алар кабыл алышат. А балким сиздин сунуш менен жарашып кетсе да алардын чечими. Өз жашооңузда алар кетирген катачылыктарды кетирбөө аракетинде болушуңуз абзел.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт