Жаман ойлорго жол бербе! Жоламан Шаршенбековдон кеңеш
Салам достор! Дүйнө чемпиону, кыргыздын сыймыгы болгон спортчу жигит Жоламан Шаршенбековдон кеңеш. Сактап алыңыз, балким пайдасы тиет. Маекти толугу менен бул жерден көрө аласыз.
Жеңилип калам деген ойлорго жол бербе
Менде жеңилип калам деген ойлор болбойт. Мен машыгам, даярдыктарды көрөм, ал эми килемге чыкканда эмне болорун алдына ала божомолдобойм. Балким, чыгып баратып кулап кетем, же бир заматта утулуп калам дегендей. Мен эмгек кылам, ошого жараша жеңиш тиленем.
Мурдагы каталарыңдан сабак ал
Финалга чыкканда, өткөн каталарымды өзүмө бир сыйра эскерттим. Мисалы, мурда жеңилип калганда, көп жоопкерчиликти өзүмө алып, мелдеш баштала электе эле терс ойлорго жол берип койгом. Бул жолкусунда ал каталарды кетирбегенге аракет кылып, психологиялык жаткан туура даярданып бардым.
Баары өз убактысы менен келе турганын бил
Эки жолу экинчи орунду ээлеп калганым, мен үчүн жакшы нерсе болгондур. Мисалы, барып эле биринчиликти алсам, балким жылдыз оорусуна чалдыгып калмакмын. Баары өз убагында келет деген чын экен. Болгону аракет кылып, эмгектене бериш керек.
Талыкпай эмгектене бер
Чоң ийгиликтердин артында эч ким билбеген, элге көрүнбөгөн кыйын нерселер турат. Мисалы, ар кайсы жакка сборго барабыз. Машыгуу учурунда сторис киргизе албайбыз. Эс алып жатканда киргизип койсоң, спортту көп түшүнбөгөндөр, “силердики эле жыргал, жер кыдырып жүрө бересиңер” деп жазышат. Күн сайын машыгуу, жаракаттар, утулуулар эч кимге көрүнбөйт. Бул ачуу чындык.
Баштаган ишиңдин аягына чык
Майда же чоң болобу, бир нерсени баштасам, аягына чыкмайын, аны таштабайм. Мен утулганды жаман көрөм. Мүнөзүм ушундай. Жакшы жыйынтыкка жетмейин, эмгектене берем. Мен муну жакшы нерсе деп ойлойм.