// //

6-класста мени таштап кеткен баланы кантип унутсам болот?

2022.10.12, 10:47
3270

Саламатсызбы! Менин суроом мындай: 6-класста бир бала менен сүйлөшчүмүн. Аны катуу сүйүп калгам. Бирок ал мени таштап кеткен. Азыр 10-класста окуйм. Сөз айткан балдар көп, бирок ошол баланы унуталбай келем. Эстесем эле ыйлагым келе берет. Кантип унутсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.10.2022, 10:48

Виктория Исакова

Психолог

Саламатчылык. Биринчи сүйүү, бул өмүр бою эсте кала турган сезим!

Бирок андан бери бир топ эле убакыт өтүптүр. Менимче, сиз ал жигитти эмес, ошол кездеги сезимдериңизди, махабатыңызды сагынып жатасыз. Балалыгыңызга куса болуп жататсыз. Сиз ал баланы кыялыңыздагы идеалдуу жигит кылып алгансыз. Бул кыялыңызга канчалык көп чөмүлсөңүз ошончолук реалдуулуктан алыстай бересиз. Демек жаңы мамиле да кура албайсыз.

Айланаңызды караңыз, башка адамдар менен сүйлөшүп көрүңүз. Дүйнөдө биз билбеген, биз көрбөгөн кызыктар, окуялар, адамдар абдан көп. Аларга да сиздин жашооңузга киришине уруксат бериңиз, орун бошотуңуз.

Сиз бул нерсени түшүнгөндө, жашоонуз жаңы нукка бурулуп, сизди кубандыра турган окуяларга бай болот.

Ийгилик!

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт