// //

18демин. 4-класска чейин эле окугам.

2018.02.15, 10:35
818

 

Менин сурайын дегеним 4-класстан бери ооруп калгандыктан күбөлүк, аттестат ала алган жокмун. 18 жаштамын. Кесиптик лицейде акимчиликтин жардамы менен окуп жүрөм. Бирок бул жакта да күбөлүк жок болсо атестат берилбейт экен. Мен дагы жогорку окуу жайга тапшырып, окуп бир кесиптин ээси болгум келет. Бул маселе мени дайыма ойлондурат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.02.2018, 10:36

Марат Үсеналиев

Мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси  

 

Жогорку окуу жайга өтүү үчүн, толук орто билимдин ээси болуш керек. Эгерде кандайдыр бир шарттар менен билим албай калсаңыз, ар бир облуста, Бишкек шаарында атайын кечки мектептер ачылган. 4-класска чейин кайсы мектепте окусаңыз ошол жерге барып, документтериңизди алып, сабак программасын кууп жетиш үчүн жашаган жериңиздин районосуна кайрылсаңыз, кечки мектеп жөнүндө маалымат беришет. Анан кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Аттестат баарына бир мезгилде берилет. Сиз ошол жерден кошумча сырттан окушуңуз зарыл. Июнь айына чейин толук даярданып, сынак тапшырышыңыз керек болот. Анан аттестат ала аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт