Буулугуп ыйлай берем
Жашым 21де. Студентмин. Мени ойлондурган нерсе, акыркы күндөрү аябай көп, бат жинденчү болдум. Болоор- болбос нерселерге, сөздөргө ачууланып, көп нерсе жактырбай калдым. Сөз жакпай калса буулугуп ыйлайм. Эмне себептен ыйлап жатканымды билбейм, буулуга берем. Бир аз жинденсем же кайгырсам эле колу-бутум титирей берет. Жалгыз жашагым келип, жалгыздыкты каалап калдым. Үйдө баары эле жакшы, бирок үйгө дагы тургум келбей эртерээк жумушума же окуума кетким келет. Кандай кылып бул нерсени калтырсам болот?
Рустам Исмаилов
Психолог
Колумда сиз тууралуу көп маалымат болбогондуктан, эмне болуп жатканыңыздын себебин айтуу кыйын. Эгерде ачууланганыңыздын же ыйлаактыктын жүйөлүү бир себептерин таба албасаңыз, мүмкүн бул нерсе ички физиологиялык процесстен улам болуп жаткандыр. Мындай нерсе дагы болот. Биз себептер топтоло бергенин байкабайбыз жана көзөмөлдөй албай калып, чарчайбыз. Өзүңүздү адамдардан оолак кармап жатканыңыз, стресс менен күрөшүү үчүн жакшы ыкма эмес. Эрежелерге ылайык, баарлашуу сизди көйгөйлөрдөн алыстатып, баалуулук сезимдерин берет. Андыктан сиз өзүңүздү колго алып, көбүрөөк жакындарыңыздын жанында болууга аракет жасаңыз. Эгерде колумдан келбей жатат десеңиз, психолого кайрылыңыз.