// //

Жигити менен төрт жолу жолуккан кызымды кечирсемби же жокпу?

2022.10.04, 11:43
8217

Саламатсызбы! Мен азыр өтө ыңгайсыз абалга туш болдум. Мындан эки жыл алдын короодон бир кыз менен таанышкан болчум. Толугураак, жылдыздуу кыз эле. Башында ал кызды жөн эле тааныш карындаш катары көрчүмүн. Ал "сизди жакшы көрүп калдым" деп көп жазат эле. Ага окуумду аяктап Москвага кетем,  Кыргызстанга 3 жылча кайтпайм дегем. Ал 10 жыл болсо дагы күтөм деп артыман калбай жүрө берди. Башында ага өтө кызганчакмын, бирөө менен жазышсаң мамилебиз бүттү деп эсептей бер дегем.

Ошентип жүрүп Москвага келдим. Жумушка чыкканга чейин ал экөөбүз кечке смс жазышып жатып, аны жакшы көрүп калдым. Ал "сиз келгиче үйдө машыгып, арыктап, сонун кыз болуп калам" деп айтты. 

Бир жылдай жүрүп кайра Кыргызстанга кайттым. Ал өзү айткандай сонун болуп тосуп алды. Ал менен 3 ай жүрүп кайра Москвага келдим. Артыман келерин айтты. Чогуу иштеп анан той кылабыз деп сүйлөштүк. Бир күнү телефон чалсам, тамактанып бүтүп жооп берерин айтты. Түнгө чейин күтуп отурдум. Телефону өчүк. Анан ошол короодон тааныш бир инимди үйүнө жөнөтүп, телефонду алсын деп айтчы дедим. Үйүнө барса жок экен, подьездде күтүп тур дедим. Ал кыз саат үчтө кирип келди.

Кайсыл жактан келгенин сурасам байкесинин үйүнөн келатканын айтты. Такси менен келгениңди скриншот кылып жөнөт, байкеңдин үйүн билем дедим. Ал мага ишенбейсиз деп, уруш чыгарып, бардык жактан блокко салып койду. Кайра өзү жазып, мурунку жигити менен 4 жолу жолукканын айтты. 

Мен дароо бүттү дедим. Ал жоолук салынган кыз эле, мен ага ишенет элем. Башка кыз менен таанышып, аны менен жүрсөм, мага чалып ыйлап жатат. Жигити менен эч нерсе болбогонун айтты. Эмне кылдсам болот? Ал кызды сүйөм, бирок мурдагы жигити менен жолукканын эстесем жүрөгүм ооруйт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2022, 11:48

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! Катыңызды окуп чыгып, эч качан "изменага" барбайт деген болочок келинчегиңиз жигити менен жолугуп жүргөнүн, бирок ортодо эч нерсе болбогонун айтып, мени таштаба деп суранып жатканын түшүндүм. Кызды сүйгөндүктөн кандай кыларыңызды билбей турам депсиз.

‌Албетте үйлөнөрдүн алдына да келишим түзүп алганыңар туура болот эле.
‌Кызганчаактык бул өнөр эмес, бул өзүнө ишенбөөчүлүк, өзүн төмөн баалоого жатат. Өзүн сыйлаган, ишенген адамда мени пайдаланып, басмырлап уят кылып коет деген ой болбойт.

Жигити менен жолугуп жүргөнү бул факт. Өзү тастыктап айтып берсе аны өзгөртүү, кайтаруу мүмкүн эмесин түшүнүп жатсаңыз керек. Бул нерсени кечирүү убакытты талап кылат. Убакыт ичинде сиздеги эмоция, кызганыч, таарыныч менен иштешүү керек. Ошол эле учурда болочок келинчегиңиз да сиздин ишеничиңизди кайтарууга аракеттин кылса жакшы жыйынтык берет эле. Тактап айтканда, бул 2 адамдын ортосундагы иш алып баруу болот. Кечиремби, же жокпу дегенден мурда, бул мамилени оңдоп, улантып кетүүгө даярсызбы, ушул суроого жооп берип көрүңүз.

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarina.usupova_ баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт