Кастык тили деген эмне?
Демократия баалуулуктарынын пропаганда менен күрөшүүдөгү ролу
Пропаганда өкүм сүргөн мамлекетте коом өнүкпөйт. Мындай элди башкаруу оңой. Ошондуктан авторитардык өлкө башчылары ушул ыкманы кеңири колдонушат. Ал эми пропаганданын негизги куралы – бул кастык тили.
Кастык тили деген эмне?
Кыргызстандын мыйзамдарында же эл аралык укук талаасында кастык тили боюнча бирдиктүү аныктама жок, бирок жалпы белгилери бар. Алар адамдардын улуту, жынысы, этносу жана тутунган динине карата айтылган дискриминациялоо сөздөрү.
“Биздин мыйзамдарда дискриминациялык билдирүүнүн категориялары так жазылган. Мисалы жарандардын улуту, этносу, дини, аймагы жана расасына асылууга болбойт. Бирок акыркы учурда укук коргоо органдары бийлике каршы сын айткандарды дагы араздашууну козутуу катары карап жатышат. Чынында мамлекеттик чоң кызматтагыларды сындаганга жарандардын укугу бар. Анткени ар бир адам оюн эркин билдире алат жана ага Конституция жол берет. Алар жасаган жумушуна жараша сынга кабылат”.
Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”
Кылмыш-жаза кодексине ылайык кастык тилин козуткандар 100 000 сом өлчөмүндө айып төлөйт же 5жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
“Жарандарды кастык тилин пайдаланды деген шылтоо менен дароо эле камап, эркинен ажыратып салуу туура эмес. Жаза берээрден мурун эскертүү берүү, коомдук жумуштарга, административдик жоопкерчиликке тартуу сыяктуу чаралар колдонулуш керек”.
Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”
Кыргызстан демократиялуу мамлекет, мыйзамдын жана соттун алдында бардык жарандар бирдей укукка ээ. Эч ким гендердик, диний, расалык ж.б. басмырлоого кабылбашы керек. Бул адамдарда стереотиптердин калыптанышына жол ачып, коомдо ажырымды пайда кылат. Кыргызстандын бардык жарандары тең укуктуу экенин ар бир киши түшүнгөндө гана демократиялык баалуулуктар өнүгөт.
Демек, калкты ар кандай белгилери боюнча топторго бөлбөй, тандалма мамиле жасабай адам катары кабыл алганда коомго пропаганданын таасири азаят экен.
Кастык тили менен күрөшсө болобу?
Албетте кастык тилине тыюу салуу-маселени чечпейт, себеби бул жек көрүү кандайдыр бир социалдык топко карата таңууланган стереотиптик көз караш. Кастык тилине ар бирибиз кабылышыбыз мүмкүн.
“Басмырлоого кабылгандар аны биринчиден, “бул менин күнөөм эмес”- деп түшүнүш керек. Анткени сизди кемсинткен адам стереотиптер жана бейкалыс көз караш боюнча жашайт же атайын жаман атты кылуу максатын көздөйт. Кастык тили менен күрөшүүнүн башкы куралы жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу, агартуу, медиа сабаттуулугун арттыруу, критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп эсептелет. Мамлекет сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуусу шарт. Калктын маалыматты аналитикалык көз караш менен кабыл алуу жөндөмдүүлүгү өрчүгөндө гана бийликтегилердин коомго таасир этүү күчү азаят”.
Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”