30 жаштагыдай көрүнөм
Менин жашым 20да, бирок 30 жаштагыдай көрүнөм. Ар ким мыскылдай берип стресске кабылып калдым окшойт. Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Жалгыздыкты жакшы көрөм. Мурун мындай эмес болчу. Стресстен кантип чыксам болот?
Рустам Исмаилов
Психолог
Эгерде сиз чындыгында эле жашыңыздан улуу көрүнсөңүз, бул нерсенин эч кандай коркунучу жана уяты жок. Улуу көрүнүү сиздин жакшы же жаман экениңизден кабар бербейт. Сизди мыскалдап жатышканы өң келбетиңиз менен байланышы жок болуш керек. Эгерде байланышы бар болсо, анда бул кичинекей балдардын жүрум-турумуна окшош, ага маани бербей эле коюңуз. Ошондой эле сизди ар кайсы жерден бардыгы эле шылдыңдап жатышканынан күмөнүм бар. Алар болгону белгилүү бир адамдар тобу болушу мүмкүн. Мындай адамдардан качып кутулуңуз же такыр эле болбой жатса ордуларына коюп коюңуз. Эч ким жалгыздыкты чындап сүйбөйт. Биологиялык түр катары бизге баары бир бирөө керек. Андыктан өзүңүздү бурчка такабаңыз. Оба, бизге тынчтанууга жана өзүбүз менен болууга убакыт керек. Бирок ченеми менен болсо жакшы.