// //

Апам ким менен жаттың деп урушкан. Биринчи айыз жөнүндө 6 окуя

2022.09.27, 14:02
1427

Ар бир кызда биринчи айыз тууралуу өзүнүн окуясы болот. Бул ирет, окурмандарыбыз ал күн кандай болгонун эстешти. Анонимдүүлүктү сактоо менен алардын баяндары менен бөлүшөбүз. А сиздики кандай болгон?

"Апам ким менен жаттың деп урушкан"

Көчөдө кыздар менен ойноп жүргөм. Бир маалда ич кийимим жылуу болуп чыкты. Анан бутуман ылдый кан агып баштады. Кыздар болуп чочуп кеттик. Үйгө чуркап жөнөдүм. Апам кир жууп отуруптур. Менин абалмды көрүп, "ким менен жаттың" деп урушуп кирди. Мен эч ким деп ыйлаганым эсимде. Анан экөөбүз бейтапканага бардык. Гинеколог эже апам экөөбүзгө баарын түшүндүрүп берди. Мен апамды күнөөлөбөйм. Апам деле бул боюнча билими жок болчу экен.

"Апама айткандан уялгам"

Менин биринчи айызым мектептен келген. Сабак бүтсө деле турбай отура бердим. Мугалимим эмнеге кетпей жаткнымды сурады. Уялып айта албай отурдум. Анан канды көрүп калды. Дароо апамды чакыртты. Апама кантип айтам деп уялдым. Анткени үйдөн бул тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Кыздардан эле угуп жүрчүмүн. Апаман аябай уялдым. Апам шым ала келиптир. Унчукпай жолдон прокладка алып колума карматып койду. Чоңойгондо гана айыз тууралуу көп нерсени билдим. Бирок апам бир дагы жолу бул тууралуу айтып берген эмес. 

"Прокладканы тескери коюп алгам"

Апам менен бул тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Бир жолу мектепке врач эже келип, ошол айтып берген. Анан прокладка тууралуу ошол эжеден билгем. Биринчи жолу келгенде аптекага барып, кире албай уялып тургам. Акыры эки штук алып чыккам. Кантип колдонушту билбей тескери коюп алып, баары жабышып ит-акмагым чыккан. Азыр эстеп күлөм.

"Болду эми токтобойт деп ойлогом"

Мен айыз бир келгенден кийин токтобой келет деп ойлогом. Биринчи жолу келгенде ыйлагам. Эми өмүр бою ушинтип канайбы дегем. Эжеме рахмат. Баарын түшүндүрүп берген. Бирок, ошондо дагы ишенбей койгом. Токтогондо ишенгем.

"Атам прокладка алып берген"

Мен атама айтып ыйлагам. Атам "кызым, сен эми чоңойдуң, бардык кыздарда ошондой болот" деп, анан аптекага алып барган. Апам инимди төрөп жаткан болчу. Аптекачы эжеге түшүндүрүп берип коюшун айткан. Эже мага прокладка берип, кантип колдонуш керектигин айтып берген. Мен классташ кыздарымдай болуп уялган эмесмин. Биздин үйдө ачык эле сүйлөшөбүз.

"Бир күн эле келет го дегем"

Айыз бир күн эле келет деп ойлогом. Меники бир жума келген. Аябай шок болгом. Коркком. Каным калбай калат деп ойлогом. Анан ар бир кыздыкы ар кандай келерин билип кичине эс алгам. Бирок меники баарынан көп келчү. Бир классташ кызымдыкы үч эле күн келчү экен. Ошону көрөлөбай жаман болчум (күлүп). 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт