Карааныңды көрсөм кыйналам
Мен 11-класстын окуучусумун. Мени кыздар “ татынакайсың ” деп жактырышат, мен эч бирөөсүн жактыра албайм. Мурун бир кыз менен сүйлөшчүмүн, урушуп кеткенбиз. Азыр ал кызды көрсөм аябай кыйнала берем. Себеби ушулбу деп ойлойм. Жардам бергилечи?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Эң негизгиси сенин сурооңдон менин байкаганым, сүйлөшкөн кызың менен урушуп кетип жана аны көргөндө кыйнала берээриң. Ал эми өзүң эмнени каалап турасың аны ачык жазбапсың. Мамилени оңдоп кайрадан жарашсамбы деп турсаң, анда биринчи уруштун жүйөлүү себебин табууң керек. Урушка себеп бири-бириңе көз караштардын дал келбөөсү толук ыктымал. Көбү ойлойт жаныбыздагы адамдардын дүнүйөгө көз карашы меникине окшош болушу керек деп. Өзүбүздүн ойду, көз карашты дайыма туура деп эсептеп, бирок ал андай эмес. Ар бир адамдын дүйнөгө көз карашы ар кандай болот, ошону түшүнүп акыл калчап иш кылуу абзел. Мамилени эки айрылыш жолго жеткирбей ортодо болуп жаткан маселени ачык айтып сүйлөшүп, чечип алуу керек болчу, бири-бириңе түшүнүү менен мамиле куруу керек эле. Негизи чечилбеген маселе айланып урушка алып келет. Мындан кийин бул кеңеш эсиңде болот деген үмүттөмүн, кийинкисинде мындайга жол бербе. Ал эми ал кызды көргөндө кыйнала бергениң убактылуу. Башка мамилени буга аралаштырба, бул нерсе өтүп кетет, анткени бир дагы мамиле түбөлүктүү болбойт.