// //

Келинимдин колундагы шакекти көрүп сүйгөнүмдү эстедим

2022.09.15, 15:26
10430

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир эненин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Чай сунуп жаткан. Көзүм колуна түштү. Жашыл көздүү шакек. Бир кездеги жаштыгым бир секунд ичинде көз алдымдан өтүп кетти. 

Биздин айыл. Ак кайыңдын шуулдаганы. Ал велосипед тээп келет. Мен суу алып келем деген шылтоо менен арыкка жөнөйм. Бизде көп болсо 10 мүнөт бар.  Сүйлөшпөйбүз деле. Жылмайып эле туруп, анан кетип калабыз.

- Кызым, шакегиң сонун экен. Илгерки окшойт?

- Ооба, апа. Бир байкеден сатып алгам. Жанагы көчөдө отуруп эски буюмдарды сатышат го, ошол жерден. 

- Кайсы даректеги?

Билбейм. Ичим бир нерсе болуп чыкты. Балким ал. Балким аны дагы бир көрөм. Балким мени таанып калат. 

- Колунду берсең?

- Эмнеге?

- Берсең эми...

- Мынча кооз. Кимге?

- Сага да?

- Магабы? 

- Ооба. Атайын сен үчүн сатып алдым.

Кечинде чоң уруш болду. Атам мени досуна кудалап койгонун айтты. Окуумду жаңы эле бүтүп келгем. Бул тууралуу кабарым жок болчу. Апама "жигитим" бар экенин айтып буркуруп жатттым. Аттиң, менин оюмду угушпады.

Конвертке шакекти салып жибердим. Башка эч нерсе жаза албадым. 

Бул жылдар кантип өткөнүн билбейм. Азыр балпайган байбичемин. Бир кездеги бетин сепкил баскан секелек кыз жок. Абышкамды узаттым. Эми өзүмдүн кезегимди күтүп отурам. 

Өлөрүмдө аны бир жолу көргүм келген. Балким тирүү. Унута албадым. Карылыкка алдырып баратам. Ушунча жылдан бери унута албадым. Мага таарынган болуш керек. Көшөгөдө отурганда кирип келет деп күткөм. Келбеди. Мен да ага таарынгам. 

Базар. Жай басып аны издеп баратам. Тигине... 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт