// //

Кайын атам менен сүйлөшкөндөн кийин кызын албай турайын дедим

2022.09.06, 16:27
24225

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Мага өз атама караганда кайын атам менен сүйлөшкөн жагат. Атам ар дайым “элдирдин балдары” деп сөз баштайт, жеке оюмду уккусу жок. Кайын атам болсо таптакыр башкача, эч качан улуулугун ортого салбайт, ар дайым колдоп турат. Жаман ойлобогула, өз атамды баары бир жакшы көрөм. 

Эмнегедир кайын атам менен таанышкан күнүбүздү айтып бергим келип жатат. Университет. Биринчи курс. Стипендиямды аларым менен сүйлөшкөн кызымды самсы жегени чакырдым. Экөөбүздүн ушундай салтыбыз бар. Колубузга ашыкча акча тийсе, базарга барып самсы жейбиз.

Адаттагы барып жүргөн кафебизге кирдик. Самсыга буйрутма берип коюп ордубузга отурдук. Официант бир чайнек чай алып келди. Өзүм кемпирдин тарбиясын алган баламын. Чон энем мени элпек кылып тарбиялаган. Дароо чайды сапырып, кызыма куюп бердим. Чоң эки самсы келди. Шыпылдап аны дагы экиге бөлүп, үйлөп муздатып кызыма сундум. Майы агып кийимине тамып кетти, дароо салфетканы алып аарчып кирдим. Маңдайыбызда бир байке отурган, күлүп жиберди.

Анан жаныбызга басып келип, “кызым, шыпылдаган элпек жигит экен, мага жакты”,-деди. Көрсө, болочок кайын атам жанатан бери бизге көз жүгүртүп отурган экен. Кызым дагы айтып койбоптур, жакшынакай кийинип алмак элем.

Экинчи курста баш кошобуз деп оолугуп чыктык. Тойго деп кредит алмай болдук. Кызым экөөбүздүн пландар боюнча, сабактан кийин жумушка кирип эптеп кутулмакпыз. Ошондо кайын атам чалып, жолугушууга чакырды. 

“Уулум, сага айта турган сөзүм бар эле. Кызым экөөңөр баш кошоюн деп жатыпсыңар. Сендей күйөөм балам болорума абдан кубанып турам. Бирок, менде бир катар суроолор пайда болуп жатат. Кайда жашайсыңар? Стипендияңар курсагыңарга жетеби? Жумуш таптыңарбы? Окууңар эмне болот? Кредит алганы жатыпсыңар, аны ким төлөйт? Карыган ата-энеңерге жүк болбойсуңарбы?  Үй-бүлө куруу бул чоң жоопкерчилик, аны мойнуңарга алганга даярсыңарбы? Балалуу болуп калсаңар, аны эч нерседен кем кылбай бага аласыңарбы?”

Чындап эле, бул тууралуу таптакыр ойлонбоптурмун. Сүйүүгө мас болуп, олуттуу кадамга жеңил ой менен мамиле кылыпмын. Мындай болбойт. Кайын атам менен келечегим жөнүндө кенен отуруп сүйлөшүп, анын кеңештерин угуп, түн оокумда үйүмө кеттим. Уйкум келген жок. Жатып алып план түздүм.

Билесиңерби, ошондо тойду токтотконубузга азыр сүйүнөм. Кызым экөөбүз шашпай окуубузду бүттүк. Анан мени чет өлкөгө жумушка чакырышты. Контракт боюнча эки жыл барып иштеп келдим. Бул арада кызым дагы жумушка орношту. Жашоого болгон көз карашыбыз өзгөрдү, эл-жер көрдүк дегендей. Бутума жакшылап туруп, үй-бүлөмдү багаларыма көзүм жеткенден кийин кызымдын колун сурадым. Экөөбүз ата-энебизден бир сом албай той бердик. Азыр тун наристебизди күтүп жатабыз. Буйруса, ага татыктуу тарбия берип, эч нерседен кем кылбай чоңойтобуз. Азыр мен бул нерсени так айта алам. 

Мендей болгула дебейм, ар ким эмне кылууну өзү чечет. Болгону үй-бүлө куруу бул чоң кадам экенин айткым келди, ага кандай мамиле жасасаң жыйынтыгы дагы ошондой болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт