// //

Кайын энем күйөөмдү туура эмес тарбиялаганы үчүн кечирим сурады

2022.08.29, 17:53
8656

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эненин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн эртең менен туруп өзүм чай койдум. Кечээ сен жасаган шорпону ысыттым. Нан калбай калыптыр. Макул, мындай эле ичейин. Столго барып отурдум. Эмнегедир табитим жок. Шорпону сапыра берип муздап дагы калды. Көзүм бурчта илинип турган халатыңа түштү. Өзүмдү кармана албай буркурап ыйлап кирдим.

Уулумду карап отуруп, ал дале жоопкерчиликти мойнуна алалбаган кичинекей бала бойдон калганын билдим. Эмне ката кетирдим? Көпкө ойлондум. Акыры жообун таптым. Көрсө, мен бир күнү күйөө жана ата боло турганын эркекти тарбиялап жатканымды унутупмун.

Менин уулум - өзүмчүл, коркок, ошол эле учурда сезимдерге муздак, калпычы, ишенимсиз бирөө. Акыры, мен муну мойнума алдым. 

Уулумду ар дайым корголой берип, жоопкерчилик алганды үйрөтпөпмүн. Сыртта ойноп жүрүп балдар менен урушуп кеткенде, үйгө “апалап” ыйлап келет эле. “Мен азыр алардыбы”,-деп, аны жаныма ээрчитип алып териштиргени жөнөйм. Бул менин эң чоң катам болду. Акыр аягы өзүнүн көйгөйлөрүн өзү чече албаган, коркок, жоопкерчиликти бирөөгө оодара салган адам болуп бой жетти.

“Балам, эмне жейсиң”, “балам, кел кирлериңди мен эле жууп коем”, “балам, сен тим эле кой  мен өзүм кылам”,- деп көзүн карап, артынан тазалап жүрө берип, өзүнө кам көрүүнү билбеген уул тарбияладым. Кийин бир жумуртка кууруп жегенди билбей, сени качан жумуштан келет деп ачка жата берген уулумду көрүп ызаландым.

Өнөктөш кандай болуу керек экенин үйрөтпөдүм. Аялзатын сыйлап, бапестеп, көңүлүн карап, колдоп жана угуп туруу эмне экенин такыр билбейт. Аттиң, сезимдерге муздак, сага кайгыдан башка жарытарлык эч нерсе бере албады.

Айланайын келиним, уулумду туура эмес тарбиялаганым үчүн кечир!

Сен кетип жатканда каалап турсам дагы токтотподум. Анткени, сенин бактылуу болушуңду кааладым. Сенден бир гана нерсе суранам, мен кетирген каталарды кетирбе жана эч качан кайтып келбе. Сен бактылуу болууга татыктуусуң. Сени менен жашаган аз өмүрүмдө, бул нерсеге күбө болдум. Мен сенден ыраазымын.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт