// //

Баламдын психологиясын бузуп алдымбы?

2018.02.13, 12:21
877

 

Сурайын дегенге оозум барбайт, бирок мажбурмун. Мен баламды көрсөм эле кыжырым келе берет. Урушуп, кээде уруп коем, эмне кылышты да билбей калдым. Акыркы күндөрү ага энелик мээрим төгө албай жатам. Кандай айла кылсам болот. Эң улуу балам, мындай көрүнүш кийинкилери төрөлгөндө башталды окшойт, анткени чарчап-чаалыгып, бала караганга жетишпей калган күндөрүм көп болду. Жолдошум аскер адамы болгондуктан, мен үйдө балдарга дайыма жалгыз тарбия берүүгө туура келет. Жумшасам абдан жай кыймылдайт, бирок ишти жакшы кылат. Сүйлөсө да коркуп жай сүйлөйт. Мен баламдын психикасын бузуп алган жокмунбу?- эч ким менен нормалдуу сүйлөшө албай жатат, катуу сүйлөп баштаганда ыйлап жиберет, ал учурда менин ачуум келип кетип жатат да ыйлаба деп токтотуп коем. Окуудан аябай начарлап кетти, ой жүгүртүүсү начар болуп, өз оюн башкаларга айтып жеткире албай жатат. Канткенде өзүмө имерип, ортобуздагы мамилени жакындатышты билбей калдым. Психологдорго көрсөтсөмбү же эмне кылам, кеңеш бериңиздерчи?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2018, 12:22

Тамара Воронцова 

Психолог

 

Мен сизге өзүңүз диспансерге кайрылып, кеңеш алыңыз демекчимин. Ал жакта кызмат көрсөтүү бекер. Балаңызды психологго алып баруудан мурун, өзүңүздүн ага болгон мамилеңиздин өзөгүн таап чыгышыңыз керек. Баары энеден көз каранды. Сиз менен көрүшпөй туруп, бир нерсе деп айтуу мүмкүн эмес. Себептери көп, аларды тапкандан кийин гана кеңеш берүүгө болот. Андыктан сиз тезирээк психологго жазылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт