// //

Көз тийүүдөн кантип сактанса болот?

2018.02.13, 12:19
3108

Өзүм кичинекейимден бери активдүүмүн. Кандай гана иш- чаралар болбосун катышып ийгиликке жетишип келе жатам . Анан эле кээ бир учурларда ооруп төшөктөн тура албай калам. Ата- энем көз тийиптир, элдин назары түшүптүр көз мончок тагып ал дешет. Бирок мен ал көз мончок дегенге ишенбейм. Көз тийүүдөн кантип сактансам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2018, 12:19

Кадыр Маликов 

 

Теолог

 

Тумар менен көз мончок болгону жөн эле буюм жана ырым жырым. Көз тийүү деген бар, андан сактануу үчүн жаратканга кайрылып, дуба кылып, конкреттүү аракеттерди жасоо керек. Күн сайын ичиңизден көз тийүүдөн сактаган 113-фаляк сүрөөсүн үч жолу, 114 сүрөөнү дагы 3 жолу окуп, сууга үйлөп, ал суу менен жүзүңүздү жууңуз. Же болбосо сүрөөлөрдү окуп, алаканга үйлөп, денеңизди сүртүңүз. Бул курандын сүрөөлөрү, араб тилинде окуу керек. Китеп жок болсо, интернеттен тапсаңыз болот, арабча билбегендерге транскрипциясы дагы бар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт