// //

Кызык... Кыздарга виагра кандай таасир берет

2022.08.15, 16:29
10098

Аялдар, кыздар виагра ичсе эмне болот? Bilesinbi.kg окурмандын суроосуна жооп издеп көрдү. 

Жакшысы аялды башка жол менен козгоо керек!

Виагра деген эмне? 

Виагра - эректилдик дисфункцияны дарылоо үчүн эң белгилүү препарат. 

Анын активдүү силденофил заты, стенокардияны дарылоо үчүн иштелип чыккан. Мындай улам жүрөккө кычкылтек жетишпейт жатса, силденафил кан тамырлардын дубалындагы жылмакай булчуңдарды бошотуп, кандын агымын жогорулатат. Белгилүү болгондой, кандын агымы ал жерде гана эмес, башка жакта дагы көбөйөт. Мындан улам виагра потенция үчүн каражат катары сатыла баштаган.

Виагра кантип таасир берет?

Кан тамырлар дүүлүккөндө эркектик жыныс мүчөсүнүн денесиндеги уюктуу нерселерге кан толуп эрекция пайда болот. 

Виагра жыныстык катнашты каалап, бирок физикалык жактан алсыз болуп жаткан эркектерге гана жардам бере алат. Эгер каалоо жок болсо, пайдасы деле жок. 

Аялдар виагра ичсе эмне болот? 

Эч нерсе. Виагра айымдардын курмарлануусун, каалоосун пайда кылбайт. 

Виагранын либидого тиешеси жок. Болгону жыныстык мүчөнүн кан тамырларына кандын келүүсүн гана көбөйтөт. Бул айымдарга иштебейт дегенге барабар. Кандын жыныс мүчөгө көп келиши мурункудан көбүрөөк суюктуктун бөлүнүп чыгышына жардам бериши ыктымал, бирок көп эмес.

Башка дарылардай эле виагранын дагы зыяндары бар: 

  • баш оору,
  • кусуу (кускуну келтирүү),
  • көрүүнүн начарлашы,
  • мурундун бүтүүсү.

Бул белгилерди аялдар эркектердей эле сезет.

Анда аялдар үчүн виагра барбы? 

Ооба, АКШда флибансериндин негизинде каттоодон өткөн. Виагра сыяктуу эле такыр башка максатта иштелип чыккан. Ал антидепрессант катары болмок. Айымдардын либидосуна кандай таасир берери белгисиз. Бирок изилдөөчүлөр бул препаратты кабыл алган аялдардын оргазм алуусу жогорулаганын байкаган. Албетте баарына жардам бербейт, эгер 8 жума ичип, бирок жардам бербесе андан ары улоонун кажети деле жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт