// //

Күйөөм басынтып, сөгүп, кемчилик издеп эле турат. Эмне кылсам болот?

2022.08.15, 15:04
5871

Мен абдан кыйналып кеттим. Күйөөмдүн басынтканынан,сөгүнгөнүнөн аябай тажап кеттим. Күн сайын кемчиликтеримди таап турат. Мурда кайра кечирип, жакшы көрүп жашай берчүмүн. Азыр жүрөгүмдө таштай уюган муздак нерсе күн өткөн сайын чоңоюп баратат. Болду, эми баркыбызга жетебиз го, сүйүшүп жашайлы деп ойлочумун. Бирок жолдошум сөгүп-сагып, улам бир жеримден кемчилик таба берет. Мен аны болгон кемчиликтери менен кабыл алууга аракет кылып, сен андайсың, сен мындайсың дегим келбейт. Бирок менин кемчиликтеримди дайыма эле таап турганына, сөгүнө бергенине көнө албай койдум. Бактылуу болуп үй-бүлөмдү сактап жашагым келчү, бирок акыркы күндөрү чыдабай кетип баратам. Баягы муздак нерсе кадимкидей чоңоюп бараткансып жатат. Мен аны жек көрүп калуудан корком. Анткени менин көңүлүм калса кайра жылыбасымды билем. Себеби мен мамилеге аябай ишенимдүүмүн. Бирок катуу көңүлүм калса эзели кайра жылыбасымды билем. Мен жолдошумду жакшы көрчүмүн, азыр жек көрүп калуу коркунучу бар. Эмне кылышым керек?
Балдарыбыз үчүн жашайын десем, жек көрүп калгандан коркуп атам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.08.2022, 15:11

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы,
Убакыт өткөн сайын ар бир түгөйлөр ортосундагы сүйүү, жакшы көрүү сезими муздап, колдоого муктаж болуп калат. Ал үчүн эки жактан тең аракет кылуу керек.
Жолдошуңуздун жаман сөздөрдү оозуна алып сөгүнүп, критикалаганына бир нече себеп болушу мүмкүн.
1.Декреттик отпуск - бул учурда аялдар бала менен гана алек болуп, өзүн унутуп калышат, күйөөсү менен да иши жок болуп, анын кыжырына тие беришет.
2. Күйөөсүнүн өзүн баалоосу төмөн болгондуктан, аялын кемсинтип, сөгүнүп ушундай жол менен өзүнүн баркын көтөргүсү келишет.
3.Аялы өзү күйөөсүнө карата сый мамиледе болбойт, аны контролдоп, телефонун чукулап, үйгө качан келип, каякка кетип, каяктан келатканына чейин кийгилишүүсү.
4.Аялы сөздү көбөйтүп, ситуацияны оорлотуп жибербеин деген максатта, ага карата кылган мамилеге чыдай берет. Себеби бара турган жери жок же финансылык жактан толук ага көз каранды.

Бул мамиле көптөн бери болсо, ачык диалог кылуу менен мындай жаман сөздөр сизге катуу тийип, жүрөгүн жаралап жатканынын айтып жай түшүндүрүү керек. Эгер көйгөй болсо өз алдынча жана чогуу чечүү жолдору бар экенин билдирүү кажет. Кандай болбосун күйөөңүз өзүн колго алып, өзүн контролдогону жакшы. Анын сөгүнгөн жаман жоругуна унчукпай, көздү жумуп калуу көйгөйдөн качууга барабар.

Күйөөңүз эч нерсени уккусу келбей, эч өзгөрүүсүз болсо, анда аялга мындай мамиле керекпи, жокпу ойлонуп көрүү зарыл жана ал кандай радикалдуу чара колдонуп канчалык деңгээлде ага даяр экениңе өзүңүз жооп беришиңиз керек.
Сиз жек көрүп калуудан корком, бир көңүлүм калса жылыбай калам. Балдарым үчүн жашайын десем жек көрүп калуудан корком дейсиз.

Сизге суроом: Азыркы жоругун жакшы көрүп жатасызбы?
Жылыбай калсаңыз эмне болот?
Жек көрүп калсаңыз эмне болот?

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarina.psyholog баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт