Апамдын сөзүн угуп, төрт күйөөм менен ажырашканыма өкүнөм
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Көлдүн жээги. Ак чардактар. Жылаңаяк мен. Колумда жарымы жеп бүтүлгөн жүгөрү. Көзүмдө жаш. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Балким апам… Жок өзүм.
Апааа… Апааа…
Тигине менин эки чүрпөм чуркап келатышат. Кыязы, кумдан бир нерсе таап алышкан окшойт. Ак чардактын канаты экен.
“Апа, ыйладыңбы?” “Эмнеге ыйладың?” Экөө эки жагымдан тартып, көздөрү тостое түштү. Акырын жылмайып, баары жакшы экенин айттым. Ээрчишип бакытты көздөй багыт алдык.
Апам мени өз этегинен чыгаргысы жок. Биринчи жолу ал айткан, тактап айтканда жаныбызда жашаган кошунабызга турмушка чыктым. Күн сайын үйгө келип, тынч жашатпай койду. Ажырашып тындым.
Экинчи ирет Россияга иштегени жөнөп кеттим. Апама тапкан акчамдын баарын салам. Ананчы, колунда эки жашар балам калган. “Балага ата керек!” деп күн сайын чалып, акыры жанына чакыртып алды. Жактырбасам дагы мага сөз айтып жүргөн бир жигитке турмушка чыктым. Эң негизгиси апам мээмди жебесе болду эле. Туура эмес кылыпмын. Ажырашып тындым.
Апам мени башкарганын койбоду. Катуу кармаганы, мага ишенбегени, жеке жашоомо чейин кийлигишкени, кол көтөргөнү мени чүнчүгөн бир адам кылып өстүрдү. Коркок болуп бой жеттим.
Үчүнчү турмушумдан ден соолугумдан ажырап чыктым. Күйөөм кызыл камчы болуп чыкты. Өзүм ажырашып келсем, апам чыдап жашай беришимди айтып, катуу урушту. Барбай койдум. Биринчи жолу апамдын сөзүнө каршы чыктым.
Эки балама ата керектигин айтып туруп алды. Жактырбасам дагы мага сөз айткан кишиге турмушка чыктым. Ал балдарыма кол көтөрдү. Бул акыркы чекит болду.
“Апа болду! Жетишет! 38 жашка чейин мени башкардыңыз. Мен тажадым. Мага дем жетпей калды. Апа, мен тирүү өлүккө айлантым. Апа мен өз жашоом менен жашагым келет. Мен кичинекей кыз эмесмин. Болду. Кеч болсо дагы калган өмүрүмдү өзүм каалагандай жашайм. Мен сизди жакшы көрөм. Бирок жашоомо аралаштырбайм. Сиз дагы мени жөн эле жакшы көрүңүз. Өз жашооңуз менен жашаңыз. Болду апа!”
Балдарды алып чыгып кеттим. Мен баарын башынан баштадым. Кеч, бирок шанс бар. Азыр дем ала баштадым.
Эч качан өз жашооңорду бирөөгө тейлетпегиле. Жадакалса, ата-энеңерге.