// //

Багып алган кызыма энесинен кантип документ алам?

2022.08.13, 13:01
4987

Саламатсызбы! Мен кыз бала багып алгам. Мыйзамдуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нотариустан ишеним кагаз алалы десек, майрам болуп алалбай калган элек. Андан кийин алып берем деп айткан ишендирип. Айылына кеткен, келип дагы эле алып бербей жатат. Кандай кылсам болот. Кыз менде, эки айлык болду, мен багып жатам. Өзүм төрөлгөнгө чейин карап, бейтапканадан төлөп чыгарып алгам. Кантип документ алалам? Өзү төрөй алган жокмун. Жолдошум экөөбүз бала багып алалы деп кеңеш бактык. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2022, 13:03

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! Ооба, баланы багып алуу үчүн анын биологиялык ата-энесинин макулдугу (ишеним кат эмес, макулдук) керек. Бирок, ошонун негизинде күбөлүк алып иш бүтүп калбайт. Анткени, КР мыйзамдарына ылайык баланы асырап алуу процесси сот аркылуу гана болот.

Андан тышкары, райондук үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнө (ОПСД) кайрылып бир топ тиешелүү документтерди чогултасыз. Эмне документтер экенин тизмегин беришет. Кийин анын баарын топтоп, баланы асырап алуу боюнча арыз жазып сотко тапшырасыз. Ошондо тиги тарапты сотко чакырып, ошол жерден макулдугун алууга аракет кылса болот.

Ушуну да айта кетейин. Эгерде көзү тирүү, ата-энелик укуктан ажыратылбаган, укукка жөндөмдүү ата-эне макулдугун бербесе асырап алуу мүмкүн эмес.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт