19 жаштагы кызым кечке эле уктай берет. Эмне кылсам болот?
Кызым 19 жашта. Окууну бүттү, бирок иштегиси келбейт. Кечке жатып уктай берет. Туруп иштерди жаса десем, сүйлөнүп "мен чарчадым" деп урушуп кетет. Мага жардам керек. Менин жүрөгүм чыдабай калды. Психологдон жардам сурайм. Эмне кылсам болот?
Психолог
Саламатсызбы!
Кызыңыз 19 жашта болсо, демек бой жетип калыптыр. Сиз каалагандай болууга, сиздин сөзүңүздү укпай, сүйлөнгөнү, сизди бушайман кылып, жүрөгүңүздү ооруп атканы өкүнүчтүү.
Албетте, ата-эне балдарын жакшы болсун деп эле тилейт. Бирок, сиз кызыңыз менен болгон мамилеңизде, ага буйрук берүү, акыл үйрөтүү, аны баалоодон тышкары, анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билип, ага көңүл буруп, сүйөөрүнүздү айтып, сизди укпай, сүйлөнгөнүнө капа болуп, айлаңыз кетип жатканыңыз менен бөлүштүңүз беле?
Негизги бала 18 жашка чейин жашы жетелек болот, андан ары ар бири жашоосу үчүн өзү жоопкерчиликти алыш керек. Иштегиси келбесе, ичкен ашыда жок болуш керек. Себеби аны алгыдай каражат жок дегендей. Бирок болгон муктаждыгын ата-эне чечип, баары даяр болсо, иштеп эмне кереги бар деген ой келет.
Сиздин көйгөй боюнча төмөнкү суроолор жаралып жатат: Сиз эмнеден коркуп жатасыз? Кызыңызды иштетүүдөгү максатыңыз кандай? Үйдө жатса эмне болот?
Чоңойуп калган балага, жаш баладай мамиле кылганыңыз, анын чоңоюп, өз алдынчалыкта болуусуна чоң тоскоолдук берет.
Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarina.psyholog баракчасы аркылуу байланыша аласыз.