// //

Үйлөнөрдүн алдында сүннөткө отургузулсам болобу?

2022.08.04, 16:59
6091

Саламатсызбы. Менин жашым 24тө, быйыл үйлөнөм. Бирок, сүннөткө отургузулган эмесмин. Кичинемде жөн эле бычак тийгизип, ырымдап коюшкан экен. Ошондой эле, жыныс мүчөм кичинекей. Жөн турган абалында болгону 2-3 см. Эрекция болгондо 10-11 см эле болот. Жардам бергилечи, суранам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.08.2022, 16:59

Азат Бейшенов

Уролог

Биринчи сурооңузга жооп бере турган болсом. Сүннөткө отургузганда жаш курак боюнча чектөө жок. Азыр деле кеч эмес. Биздин клиникага келип, сүннөт жасатып кетсеңиз болот.

Процедура 30 мүнөткө чейин созулат. Касаны кестирүү (крайняя плость) жыныс мүчөнүн көлөмүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Операциядан кийин дароо үйгө кете берсеңиз болот. Эки жумага чейин өзүңүз жууп, тазалап, таңып турасыз. Оор жүк көтөргөнгө жана ашыкча физикалык активдүүлүккө тыйуу салынат. Эки жумадан кийин жыныстык жашооңузду уланта бересиз.

Ал эми жыныс мүчөңүздүн чоңдугу боюнча кейигениңиз, орунсуз. Мындай көлөм азия улутундагылар үчүн нормалдуу. Жыныс мүчө 3 негизги талапка жооп берсе жетиштүү, алар:

  1. Жыныстык катнашка бара алат;
  2. Өзүнө жана төшөктөгү өнөктөшүнө кумар тартуулай алат;
  3. Репродуктивдик функциясын аткара алат.

Кааласыңыз, мага келип консультация алып кетиңиз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт