// //

Жигитимдин акчасы аз

2018.02.12, 11:13
944

Азыр 18 жаштамын жакында 19 га толом. Жигитим 26 жашта, экөөбүз жакшы мамиледебиз, бирок бир көйгөй анын үйү жок. Жумушунан жакшы акча таппайт, кыйналат, кээде менден акча сурайт, бирок кайра кайтарып берет. “ Турмуш куралы, үйдүн улуу баласы болгондуктан бир ай ата-энемдиникинде жашап, кийин бөлүнүп шаарда жакшы батирде жашайбыз” - дейт. Өзүм болсо 14 жашыман бери иштеп, окуп дагы келем. Баш кошкондон кийин кыйналып калбаймынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2018, 11:16

Бермет Наралиева

психолог

18 жаштагы курак үй-бүлө күтүүгө али эртелик кылат. Ошентсе да 16 же 17 жашында турмуш күтүп алып бактылуу жашап кеткендер жок эмес. Ал нерсе ошол адамдын өзүнүн ички психологиялык даярдыгына көз каранды. Кыйынчылыктарга туруштук берүүгө, тоскоолдуктарды жеңип кетүүгө ички потенциалың барбы, али өзүң наристе болуп туруп наристе багууга дараметиң жетеби, башка үй-бүлөнүн закону менен жашай аласыңбы, жокчулукка, жетишпеген турмушка сабырдуулук менен чыдай аласыңбы жана башка ушунун баарын анализдеп көр. Эгер жогорудагы касиеттер сенде бар болсо, эмнеге турмуш куруп экөөң биригип турмуштун түйшүгүн тартып кеткенге болбосун. Турмуш деген оңой эле нерсе эмес. Сүйүшүп жүргөн мезгил менен турмуш куруу мезгилинде ат менен төөдөй айрыма бар. Сен материалдык дүйнөгө акцент коюп жатасың, маселен үйү жок, акчасы жетпейт, жумушунан жакшы акча таппайт деген сыяктуу. Материалдык байлык негизги маселе болгон жаш сүйүшкөн үй-бүлөлөрдүн эшигинен ачкачылык кирип келгенде сүйүүлөрү форточкадан чыгып кетет. 14 жашыңдан иштеп, окуп да өз алдыңча оокат жасап, кала берсе жигитиңе карызга акча бергенге жетишкен болсоң эмнеге сенде турмушту улантуу үчүн күмөн саноолор болуп жатат? Себептерин өз жан дүйнөңдөн анализдеп көр. Ошондо да акылың жетпей, жооп таба албасаң психологдун консультациясына кайрыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт