// //

«Мен саясатка кызыкпайм» - бул фразанын эмнеси туура эмес

2022.07.27, 13:58
869

Кыргызстандыктар жетиштүү деңгээлде саясатташкан улут болуп эсептелет, айрыкча Борбор Азия чөлкөмүндө. 2020-жылдан кийин өлкө демократия индекси боюнча артка кеткенине карабай, Кыргызстан дагы деле Бобор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп саналат.

Коңшуларга салыштырмалуу бизде саясий жана жарандык эркиндик эң жогорку деңгээлде. Бирок, тилекке каршы биз эркиндик боюнча рейтингде өз позициябыздан төмөндөп бара жатабыз. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча демократия индексинде биздин өлкө “авторитаризмге жакындап бараткан өлкө” деп аталды. Эгер сиздин оюңузга “дагы баягы саясатпы” деген ой келип, биздин лентаны андан ары барактагыңыз келбей калса, бир саамга токтоп, биздин карточкаларды окуп чыгыңыз.

«Мен саясаттан алысмын» - Украинадагы согуштан кийин бул мем болуп калды. Бул фразанын жардамы менен адамдар, негизинен орусиялыктар аскердик аракеттер жөнүндөгү маалыматты көңүл сыртында калтырууга аракет кылышат. Бүгүн биз “Мен саясаттан алысмын” деген фразанын эмнеси туура эмес экенин жана кандайча биз баарыбыз “саясатта” экенибизди түшүндүрүп беребиз.

Медиа чөйрөсүндөгү адамдар, башкалар да, азыр өз социалдык тармактарында саясий темаларды чагылдырбаганга аракет кылышат. Селебрити жана шоу-бизнес жылдыздарынын мындай позициясы алардын катталуучуларынын арасында каршылашкан эки тараптын тең өкулдөрү болуп калышы мүмкүн экени менен тушүндүрөт. Бул учурда алардын постторуна карата комментарийлерде талаштар, кемсинтүулөр башталат. Көптөгөн катталуучулар инфлуэнсердин саясий көз карашына макул эмес болгондуктан кетип калышат. Катталуучулар аз болсо, демек киреше да аз. Ушундан улам көптөрүндө “мен саясаттан алысмын” деген позиция пайда болот. 

Бул элементардык экономика, бирок биздин жашообузда бардык жерде саясат. Демек, “саясаттан алыс болуу” коомдук жашоого, бийликтин чечимдерине таасир этпөө, өз пикиринди билдирбөө дегенди тушүндүрөт. Саясатка ашыкча кийлигишүүгө карата терс мамилени кимдер жаратат, албетте,өз саясатына байланыштуу көп суроолордун берилишин каалабагандар, башкача айтканда, бийлик өкүлдөрү. 

Кызык нерсе: коомдун ашыкча саясатташып кеткени туурасында көп учурда бийликте отургандар айтышат. Дээрлик бардык президенттер кыргызстандыктардын ашыкча саясатташып кеткенин айтышкан. Садыр Жапаров, мисалы, өткөн жылы күзүндө бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда өтө эле саясатташкан деп айткан.

Бирок көп учурда бийлик өкүлдөрү саясатташкан деп көп суроо берген жана өлкөдөгү маселелерди чечүүнү талап кылган жарандарды же жарандардын тобун айтышат. Ошентип, жарандар чечүүнү талап кылган бардык маселени саясатташкан деп айтып койсо болот. Мисалы, биз дем алып жатканын абанын сапаты, же cабак учурунда урап калган мектептердин абалы.

Мен кантип саясатка таасир эте алам:

  • шайлоолорго акча үчүн эмес, талапкерлер эмнени сунуштап жатканын жана, эң башкысы буга чейин эмне иштерди жасаганын жакшылап изилдеп алып баруу
  • активдүү болуудан жана өз пикириңди активдүу билдирүүдөн коркпоо жана уялбоо. “Саясаттан алысмын” концепциясы бийлик үчун абдан ыңгайлуу, ушундай жол менен алар “кыңк” этпеген элди өстүрүшөт. Ал эми үн катпагандык колдоонун белгиси катары көрүнөт. Жогорку Кеңеште кандай мызамдар кабыл алынып жатканына көз салуу, алардын ар бирибизге таасир этээрин тушүнүү. Мисалы, силердин сөз эркиндигиңерди кылмыш жоопкерчилигине чейин чектеп коюшу мүмкүн.
  • Өз укугуңду билүү жана коргоо. Ар бирибиздин укугубуз бар, эгер өзүбүз аларды коргобосок, дагы ким коргойт?

Дагы бир жолу Украинадагы согуш жөнүндө

Нормалдуу демократиялык өлкөдө жарандар бир гана ички саясий процесстерге кызыкпастан, геосясатка да аралашат. Мындай коомдордо өлкөдө жана дүйнөдө эмне болуп жатканы ачык талкууланып, адамдар өз позицияларын ачык билдирүү үчүн колдоо же каршылык акцияларына чыгышат. Бул коомдун жетилгендигинен кабар берет, алар дүйнөлүк саясаттагы өз ордун тушүнөт. Бул аракеттери аркылуу улут бийликке геосаясат багытын көрсөтөт. Ал эми бийлик муну дүйнөлүк аренада билдирет. Эл аралык коомчулуктардын үнү абдан маанилүү, ал эми бул болсо, менин, сенин, ар бирибиздин үнүбүз. Саясат - уят эмес, андан биздин жашоо сапатыбыз көз каранды.  Андыктан, саясатта бол!

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт