// //

Мыкты адам болом дегендерге 8 кеңеш

2022.07.26, 17:21
867

Өзүңүздүн эң мыкты версияңыз болуш үчүн,бир нече жөнөкөй кадамдардан өтүү керек. Ал кандай кадамдар десеңиз, анда бул кеңештерди окуңуз. 

- Эртең менен эрте турганга таракет кылыңыз. Албетте башында оор болот, бирок көнүп кетесиз. Башында жетиде, анан алтыда, кийин беште дегендей. Жылуу пальтоңузду алып сейилдегенге чыгыңыз, таңды тосуңуз.

- Эрте жатканга аракет кылыңыз. Башында он бирде, анан он, кийин тогуз. Эртең менен энергияга толуп ойгоносуз. 

- Эртең менен өзүңүз үчүн тамак даярдаган адатты пайда кылыңыз. Жашылчаларды туураңыз, жемиштерди кооздоп коюңуз, журутка кууруңуз. Столго отурганда шашпай тамак жеңиз, сиз жана эртең мененки күндүн нуру болсун.

- Күндөлүк жазганды адат кылыңыз. Жакшынакай дептер менен калем сатып алыңыз. Күн сайын болгон окуяларды жазып туруңуз. Алдыга пландарды коюңуз.

- Шейшептериңизди кондиционер кошуп жууңуз. Ар дайым таза жана жагымдуу жыттанган шейшепте уктаганды адат кылыңыз. Мына көрөсүз, маанайыңыз дароо көтөрүлөт. 

- Душка түшүп жатканда жагымдуу музыканы коюп коюңуз. Шашпаңыз. Денеңизди кылдаттык менен жууңуз. Жөн гана самын эмес, лосьон, кремдерди дагы колдонуңуз. 

-Жалгыз сейилдөөгө чыкканды адат кылыңыз. Жолдон таттуу сатып алыңыз. Кофе ичип жай басыңыз. Азыр сиз гана маанилүү экениңизди билиңиз. 

- Өзүңүз сүйүп кала тургандай адам болуңуз. Түз басыңыз. Күлүңүз. Адамдарга комплимент айтыңыз. Адамдар менен сүйлөшүп жатканда көзүнө карап сүйлөңүз. Жаңы адамдар менен таанышыңыз. Дүйнөгө ачык болуңуз. 

Бул майда, бирок, жемиштүү нерселер, сөзсүз жасап көрүңүз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт