// //

10 күн сүйлөшүп турмушка чыккан күйөөм менен ажырашып кетсемби?

2022.07.25, 17:29
950

Саламатсызбы! Мен жаңы тушмушка чыктым. Күйөөм менен 10 күн сүйлөшүп турмуш курдук. Баары намаз окуган,  ата-энеси да динден кабары бар адамдар экен дешкен. Бир айдан соң баары башталды. Кайын энем башка кыз алышмак болчу экенин айтты. Кайын атам тойго кымбат көйнөк кийгенимди айтты. Тойго кеткен чыгамдардын баарын мага жүктөштү. Көп өтпөй күйөөм ортобуздагы сөздөрдүн баарын кайын-журтума жеткирип турарын билдим. Кайын сиңдилерим, кайын эжелерим аны-муну айтып уруша беришти. Күйөөм алар тарапта. Көз жаштан бошобой калдым. Бир күнү жок жерден күнөөлөштү эле чыдабай ата-энемдин үйүнө келе бердим. Ажырашайын десем эки айлык боюмда бар. Барайын десем күйөөмдөн көңүлүм калды. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2022, 17:32

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окуп отуруп көп нерселер жазылбай калганын айткым келет. Так жооп берүү үчүн бир катар суроолорго жооп алуу керек. Андыктан, мүмкүнчүлүгүңүз болсо, психологго кайрылып кеңеш алыңыз.

Кандай шартта турмушка чыкканыңыз белгисиз бойдон калган. Мурда ал жигитти тааныйт белеңиз? Үй-бүлөсү тууралуу маалыматыңыз бар беле? Балким, жигитти толук тааныбай эле, жакшы адам деп ойлоп, фантазияга алдырып турмушка чыккансыз. Мындайча айтканда, келишим аркылуу эле баш кошуп, кийин чыныгы жүзү көрүнө баштаган өңдүү.

Таанышып же таанышпай баш кошушабы айырмасы жок, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө мындай болот: алгачкы жарым же бир жыл ичинде мурда маани бербеген сапаттары чыга баштайт. Мындай учурда коркуп, ачууланып, кабатыр болуу нормалдуу эле реакция. Анткени күтүлбөгөн жагдайлар пайда болду.

Сизге дагы баары күтүүсүз болгону үчүн эмне кылууну билбей кетип калдыңыз. Ошол эле учурда кош бойлуулугуңуз кайтып баруу жөнүндө ойлорду пайда кылып жатат. Чынында эле, кайтып баргыңыз келеби же жокпу жакшылап ойлонуңуз.

Дагы бир жолу кайталай кетейин, алгачкы жарым же бир жыл ар бир үй-бүлө үчүн кыйын мезгил. Бири-бирине көнүп кетүүгө убакыт керек. Анын үстүнө өз эрежелери бар жаңы үй-бүлөгө барасыз дегендей. Кош бойлуу болгонуңуз үчүн сезимтал болуп, айрым сөздөрдү катуу кабыл алып жатышыңыз дагы ыктымал. Эс алып, жакшылап ойлонуңуз. Аларга көнүп кетесизби же жокпу убакыт көрсөтөт. Эгер жок деп чечсеңиз, анда ал сиздин чечим. Эгер күмөн саноолор болсо, бир мүмкүнчүлүк берип байкап көрүңүз. Чечимди өзүңүз кабыл аласыз. 

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт