// //

Өспүрүм балаңыз бирөөнү сүйүп калса, эч качан буларды кылбаңыз

2022.07.19, 11:16
665

Өспүрүм балаңыз сүйүүгө кабылса эмне кылуу керек? Аны менен бул тууралуу сүйлөшүш керекпи? Же урушуп бөлмөгө камап коюу зарылбы? Бүгүн ушул тууралуу сүйлөшөбүз.

Тыюу салбаңыз

"Кайдагы сүйүү", "али эрте, кийин деле жетишесиң", "башымды оорутпачы" ж.б деген сөздөр сизге таанышпы?. Эгерде сиз катуу чараларга барсаңыз жана өспүрүмгө сүйгөнү менен сүйлөшүүгө тыюу салсаңыз, бул чыр-чатакка алып келет. Балаңыз экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле муздайт. Сиз канчалык тыюу салганыңыз менен өспүрүм  өзүнүн кызыккан объектисине умтулуп, анын жанында болуу мүмкүнчүлүгүн табат. Ошол эле учурда сизден жашынып, сизге болгон ишеними бузулат.

Мугалими эмес, досу болуңуз 

Өзүңүздүн биринчи сүйүүңүздү, ошондогу эмоцияларды эстеңиз. Балаңыздын сезимдерин дагы сыйлаңыз, шылдыңдап ар кимге айтпаңыз. Эгер "бул тоок сүйүү" деп маскаралай берсеңиз, балаңыз жабыла баштайт. Балаңыз мамилеси тууралуу сиз менен бөлүшсө, ага ишеним көрсөткөнү үчүн рахмат айтыңыз жана ким менен сүйлөшүп жатканын айтып берүүсүн сураныңыз. Сурап жатканда акырын сураңыз, суракка албаңыз. Өспүрүм сиздин колдооңузду сезип, сизге каалаган суроо менен кайрыла аларын билиши керек.

Качан тынчсыздануу керек

Өспүрүм өзүн жаман сезип жатканын сезесиз. Анын үстүнө депрессия болуп, табити жоголуп, достору менен жана сиз менен аз сүйлөшүп калат. Тактап айтканда, балаңыз мурункусунан такыр башкача жүрүм-турумда болот. Бул учурда кечиктирбей, өспүрүм менен ачык сүйлөшүү маанилүү. Эсиңизде болсун: өспүрүм сизге канчалык көп ишенсе, сизди досу катары көрсө, анын биринчи сүйүү мезгили ошончолук оңой өтөт.

Жүрөкчө басканды унутпаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт