// //

Балаңыз зордуктоого кабылбасын десеңиз, мындай кылып тарбиялаңыз

2022.07.06, 10:18
732

Салам достор! Психолог Асель Суюнбаева “Бала зордук-зомбулукка кабылбаш үчүн кантип тарбиялоо керек” деген темада баарлаштык. Бул маекти сөзсүз окуп, жакындарыңызга дагы айтып бериңиз. 

  • “Сенин денеңе эч кимдин тийгенге акысы жок!” деп айтыңыз. Бул нерсени балаңыз эсине бекем түйүп алсын. Ар бир адамдын жеке мейкиндиги болорун, аны эч ким басып өтпөшү керек экенин түшүндүрүңүз. Өзүнүн чегин коргонду үйрөтүңүз.
  • Балаңыз зордук-зомбулукка кабылбасын десеңиз, жаш кезинен баштап ага туура мамиле кылыңыз. Бизде кандай, “чыдабай кеттим” деген шылтоо менен көтөнүнө чаап же кол көтөрүп жиберет. Бала “мени урса болот экен” же “мени сабаса, мейкиндигимди бузса, кармаласа нормалдуу эле турбайбы” деп ойлоп калат. Бул абдан өкүнүчтүү кесепеттерге алып келет.
  • Ата-эне катары балдарыбызды коргоп, алысыраак туугандар менен аралыкты сактоого үйрөтүңүз. Анткени, көп зомбулуктар туугандар тарабынан жасалат. Балага анын денесине эч ким тийгенге акысы жок экенин айтыңыз, жадакалса тууганы. Анткени, көпчүлүк курмандыктар “менин тууганым” деп унчуга албай калышат.
  • Үй-бүлөдөгү жакшы мамиле баланы зордук-зомбулуктан сактап калат. Андыктан ата-эненин бири-бири менен болгон мамилеси мыкты деңгээлде болушу керек. Бул абдан маанилүү нерсе.

Балага ушунчалык жакын болуңуз, сизге ар бир сырын бөлүшкөндөй ишенсин.

  • Эгерде балдар денелери кандай түзүлгөнүн жакшы билишсе, алар анын өзүнө гана тиешелүү экенин түшүнүшөт, башка эч кимге тийүүгө уруксат беришпейт. Андыктан, балага дененин бөлүктөрү, анын ичинде жыныс органдары тууралуу туура маалымат бериңиз.
  • Бала сизге ишениш керек. Бир нерсе болгондо колдой турган, аны коргоп, айткандарына ишене турган тиреги бар болсун. Ишеним болбосо бала сынып калат.
  • Балаңызга тандоо бериңиз, мажбурлабаңыз, кыйнап бир нерсе жасатпаңыз. Эң негизгиси ага өзүн коргогонду үйрөтүңүз. Бул сиз тараптан жасала турган чоң салым.
  • Балдардын суроолоруна алар түшүнгөн сөздөрдү колдонуу менен жөнөкөй жана так жооп бериңиз. Ойдон чыгарылган нерселерди айтпаңыз.
  • Балаңызга чоңдорду урматтоо керек экенин, бирок ар бир чоң кишиге баш ийип, айткандарын жасай берүү керек эмес экенин түшүндүрүңүз. Кээде бул нерсе коркунучтуу болушу мүмкүн экенин айтыңыз.
  • Балаңызга "жок" деп катуу айтканды үйрөтүңүз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт