// //

Эгер сизде бул 6 сапат болсо, анда сиз күчтүү адамсыз

2022.07.18, 16:43
783

Күчтүү адам өзүн жакшы көрөт, жакшы кийинет, ден соолугуна ткам көрөт, акылын өстүрөт, аракеттенүүдөн тажабайт ж.б. Эң негизгиси төмөнкү сапаттарга ээ болот. 

Өзүн аябайт

Күчтүү адам эч качан учурдагы абалына кейибейт, өткөнүнө өкүнбөйт, бирөөнү күнөөлөбөйт. Ар бир учурга болгон жоопкерчиликти өзүнө гана алат, каталарын тажрыйба катары көрөт, оор сыноолорду татыктуу көтөрөт. Ар дайым эле баары жакшы боло бербесин билет, палндары ишке ашпай калса кайгырбайт. 

Өзгөрүүдөн коркпойт

Күчтүү адам өзгөрүүлөрдү сүйүнүү менен кабыл алат. Тобокелдиктерге барат, коркуулардын артында ийгилик жатканын жакшы билет. Алар белгисиздиктерден эмес, тескерисинче бир орунда туруп калуудан коркот. 

Бирөөгө жагам дебейт

Бирөөгө жагалданып, алардын көзүнчө жакшы адам болууга аракет кылбайт. Кандай болсо ошондой жүрөт, ар бир кадамын болуп жаткан учурга жараша жасайт. Өз оюн айтуудан коркпойт. "Эл эмне дейт?" дебейт.

Өткөнгө өкүнбөйт

Өткөн аракеттерине өкүнбөйт. Демек, ошол учурда ошондой болуш керек болчу деп кабыл алат. Жаркын келечек курууга аракет жасайт. өткөндөн алган сабактарын баалайт, аларды келечеги үчүн пайдаланат.

Бирөөлөрдүн ийгиликтерине кубанат

Күчтүү адамдарда эч качан көрөалбастык сезими болбойт. бирөөлордүн ийгиликтерине кубанат. Аларды туурайм дебейт. Ийгиликке өз жолу менен, өзү каалагандай жетет. Митаамданбайт. Ар бир ишти майын чыгара жасайт. Өзүн өзү менен гана салыштырат.

Жалгыздыктан коркпойт

Күчтүү адамдар жалгыз калуудан коркпойт. Аларды маанайы башка бирөөдөн көз каранды эмес. Жалгыз калганда келечегин ойлонот, пландарды түзөт. Өз алдынча эле сонун бактылуу болуп жүрө берет. 

А сиз күчтүү адамсызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт