// //

Үйдү жыйнабай эле кантип таза кармаса болот? Пайдалуу лайфхак

2022.06.08, 15:18
7519

Салам достор! Бүгүн биз силерге конок келерге 5 мүнөт калганда, үйдү кантип тазалай койсо болору тууралуу сүйлөшөбүз. Пайдалуу маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз. 

Алгач бөлмөнү желдетип алыңыз

Кокустан коноктор келатканын билип калсаңыз, дароо үйдү жыйнаганга шашпаңыз. Алгач бөлмөлөрдүн терезелерин ачып, таза аба киргизиңиз. Иреттегенге жетишкениңиз менен, желдетилбеген үй кир анан чачык көрүнөт. Баса, жанагы "освежитель" деген нерсени чачып кирбеңиз, ал үй чачык болчу экенин кабар берет.

Тряпкаларыңыз микрофибрадан болсун

Микрофибра эски кииймдерден жасалган тряпкаларга салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ: 

  • ар кандай тегиздиктеги кирди тазалайт
  • нымдуулукту жакшы сиңирет, чийбейт
  • майды тазалайт, бирок аны сиңирбейт
  • бардык нерселердин бетин аарчыганга ылайыктуу
  • атайын каражаттарсыз эле, жөн гана суу менен колдонсо болот.

Терезенин текчелерин жана шкафтардын үстүн бош калтырыңыз

Терезенин текчелерин, тумбочкаларды, ашканадагы шкафтарды жана столдордун үстүн бош кармасаңыз, үйүңүз таза жана тыкан көрүнөт. Эгер боштук жакпай жатса, болбоду дегенде үстүнө рамкадагы сүрөт же атайын декор коюп коюңуз.

Бир идеалдуу зона даярдап коюңуз

Конок тосконду жактырсаңыз же бат-баттан конок келе берсе, анда алар үчүн атайын бир зона даярдап коюңуз. Келгенде ошол жерге тососуз дегендей. Бул ыкма менен башка бөлмөңүздөгү ирээтсиздикти жашыра аласыз.

Майда-барат нерсеге көңүл бурбаңыз

Өзүңүзгө гана байкалган нерселерге убакыт коротуунун кереги жок. Мисалы, китептерди түздөп, кычыктагы чаңды издебеңиз. Анын ордуна пол жууп койсоңуз, заматта бөлмөңүз тазара түшөт. 

Үй сиздики экенин унутпаңыз

Биринчи кезекте ал сиздин үй, беш жылдыздуу мейманкага эмес. өзүңүз каалагандай болсо эч нерсе болбойт. Конокторго көрсөткүңүз келбеген нерселерди гана алып коюңуз, чачык болсо эч нерсе эмес. 

Жүрөкчө басканды унутпаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт