// //

Машинамды кредитке алганымды билген күйөөм дароо өзгөрдү

2022.07.12, 15:26
1435

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Үч уктасам түшүмө кирбеген жагдайга туш болдум! Душманым болсо бир жөн, жанымда жаткан күйөөмдөн муну күткөн эмесмин. “Жанулям” деген сөз дароо “турчу арыга” алмашты.

Сиңдим экөөбүздү апам жалгыз багып чоңойткон. Суукка карабай базарда иштейт эле. Кечинде колдору кызарып, тытылып, шишип келгенин көрүп жаным кейийт. Кремь сүйкөп берип жатып, “кичине чыдап туруңуз, чоңойсом сизди эч нерседен кем кылбайм” дейм. Тырышып жүрүп тилегиме жеттим.

Атам апам менен ажырашып, башкага үйлөнүп алган боюнча дайыны жок.

Үч жумушта иштеп, окуума жетишип, тил курстарына барганга үлгүрүп жаттым. Чарчаганымдын жаздыкты кучактап ыйлаган күндөрүм көп болду. Бирок апамдын колдорун эстээр замат чыйрала түшөм. “Кичине чыдап кой”,- деп өзүмдү алаксытып жүрдүм.

Акыры апама бүт шарты бар батир, өзүмө бир машина алып, “өхх” деп терең деп алдым. Анан үч күн турбай уктадым.

Өзгөчө камкор эле. Улам жазып акыбалымды сурап, иштеген жериме тамак же гүл жөнөтөт. Жумуштан чыксам тосуп алып, үйгө чейин узатат. Ишенесиңерби, кайда иштейт, эмне менен алектенет деги сурабаптырмын. Сүйүүгө толгон жүрөгүм, “мага турмушка чык” десе дароо макул болду.

“Жумуш жок!” Баш кошкондон бери ушинтип коюп үйдө жатат. Башында түшүнгөнгө аракет кылып жүрдүм. Бара-бара менден акча сурачу болду. Уруштарыбыз көбөйдү.

- Мен байдын кызы эмесмин.

- Апаңа батир алып бербедиңби, бизге дагы ал.

- Мен ал батирге тамак ичпей жүрүп акча топтогом.

- Азыр дагы ошент.

Таң калып туруп калдым. Эң кызыгы, минип жүргөн машинам кредитке алынганын билгенден кийин таптакыр кабагы бүркөлүп, мага жолобой калды. Жалгыз өмүрүмдү мындай адам менен өткөргүм келген жок. Ажырашып кеттим. Аркаман чуркап, жумуш тапканын айтып жүрдү. Ишенген жокмун. Силер дагы ишенбегиле.

“Сенин акчаң сеники, меники экөөбүздүкү”. Азыркы жолдошум ушинтип айтат. Апама батир алып бергенимди билгенде, “аябай чарчапсың, болду, сен эс алышың керек”,- деп оозумду ачырды.

Мен мунун баарын эмнеге айтып жатам. Мактанайын деген жокмун. Болгону мыкты эркектер бар. Бир келген өмүрүңөрдү силерди сыйлабаган адам менен өткөрбөгүлө.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт