// //

Бул тесттен өтсөңүз өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу билинет

2022.07.06, 18:45
723

Атактуу психолог Михаил Лабковскийден тест. Суроолор өтө жөнөкөй, бирок аларга чын жүрөктөн жана дароо жооп бериш керек. Кеттик анда!

"Ар дайым" үчүн 1 упай, "кээде" үчүн 2 жана "эч качан" үчүн 3 упай коюңуз.

1. Мага сырткы келбетим жагат.

2. Мен өз жөндөмүмө ишенем.

3. Мен өзүмдү жакшы адаммын деп эсептейм.

4. Мен кетирген каталарыма өкүнбөйм, алар мага тажрыйба болду.

5. Мен көрө албастык дегенди билбейм.

6. Мен өзүмдү эч кимге салыштырбайм.

7. Мен өзүмдү кайрымдуу адаммын деп эсептейм.

8. Мен өзүмдүн жашым жөнүндө айтканды жакшы көрөм.

9. Мен өз кесибим жөнүндө айтканды жакшы көрөм.

10. Мага комплимент уккан жагат.

Жыйынтык:

12 упайга чейин:

Чексиз сүйүү

Өзүңүздү кандай болсоңуз дагы ошондой кабыл аласыз, кемчиликтерди издебейсиз, өзгөчөлүгүңүзгө жана оригиналдуулугуңузга ишенесиз. Дал ушундай адам баардык нерсеге жөндөмдүү болот: ал өз тармагында мыкты адис, жыйынтыгында ийгиликке жетет, баласына ишнеим менен сүйүү берген мыкты ата-эне болот. 

13-20 упай:

Умтулууга негиз бар

Көпчүлүк адамдар сыяктуу эле, жөндөмүңүздөн шек санайсыз. Бирок, жалпысынан алганда, өзүңүздү сүйүп жана кабыл алганга аракет кылганды үйрөнүп жатасыз. Сиз туура жолдосуз! Өзүңүздү жана каалоолоруңузду тез-тез угууга аракет кылыңыз, өз пикириңиз менен эсептешиңиз.

21 жана андан жогору:

Көйгөй бар

Тилекке каршы, өзүңүздү анча жакшы көрбөйсүз. Балким, буга оор балалык таасир бергендир, анткени сиз башкаларга теңеле бергенге көнүп калгансыз. Өзүңүздү сүйө аларыңызды түшүнүү бул тоскоолдуктан арылууга жардам берет. Сизге жаккан жана жакпаган нерсени токтоосуз айта баштаңыз, каалаганыңызды жасаңыз. Ошондо кырдаал жакшы жакка өзгөрөт!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт